
Кыргызстанда президенттик балаты онлайн режиминде өтөт
Президенттик балаты 27-декабрда болот. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Жаңы жылдык майрам онлайн режиминде өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү балдарга белек тартуулашат. Концерт, театрлаштырылган программа жана президенттин милдетин аткаруучунун куттуктоосу КТРКнын түз эфиринде көрсөтүлөт. Саат 11:00дө башталат.