Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
5 декабрь 2020
Кыргызстан Кытайдан бери карай темир жолду куруу долбоорун алдыга жылдырууда
Бишкек Евразия Өнүктүрүү Банкын (ЕБР) Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна көңүл бурууга чакырат. Мындай сунушту 4-декабрда Кыргызстандын экономика министри Санжар Муканбетов Евразиялык конгресстин жыйыны учурунда билдирди.
4 декабрь 2020
ЕӨБдүн башкы экономисти: Кыргызстанда мам карыз боюнча адекваттуу саясат бар
Евразия Өнүктүрүү Банкынын башкы экономисти Евгений Винокуров Кыргызстанда мамлекеттик карыз боюнча олуттуу нааразычылыктар бар экендигин айтты. Бирок, ал жалпысынан өлкөнүн өкмөтү адекваттуу саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. Анын айтымында, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2020-жылы көбөйдү жана 2021-жылы дагы көбөйүп, андан кийин ал төмөндөй баштайт.
4 декабрь 2020
Гүлайым Донбаева: Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак — бул Кыргызстандын мурасы
Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак — Кыргызстандын тарыхый-архитектуралык мурасынын эстелиги, айтылбаган символу, «Бишкектин жашыл өпкөсү». Бирок барган сайын шаардыктар бакчаны «өпкө» гана эмес, борбордун «жүрөгү» деп да аташат. 1938-жылы негизделген, ал мурдагыдай эле аянты боюнча эң ири жана постсоветтик мейкиндиктеги ботаникалык бакчалардын өсүмдүктөрүнүн коллекцияларынын курамына бай бойдон. Бакчанын кызматкерлеринин баштапкы иштери борбор шаарды жашылдандырууда маанилүү ролду ойноду. Ботаникалык бактын 1970-80-жылдары Кыргыз ССРинин борбору Советтер Союзунун эң жашыл шаары деп эсептелген мезгилинде гүлдөп-өскөнү бекеринен эмес.
4 декабрь 2020
Өкмөт Өзбекстандын аскер күчтөрү чек араны эмне үчүн жабдып жатканын түшүндүрдү
Кыргызстандын өкмөтү эмне үчүн өзбек аскерлери Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айыл аймагындагы Дейрес айылынын жанындагы чек арага тосмо орнотуп жатканын түшүндүрүп берди. Маалым болгондой, чек аранын бул бөлүгү эки мамлекеттин бийлиги тарабынан 2017-жылдагы келишимдин негизинде макулдашылган. Андыктан чек араны белгилей турчу нерселерди салуу Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө эч кандай коркунуч келтирбейт.
4 декабрь 2020
Премьер-министрдин м.а. Новиков: «Манас» — муундарды тарбиялаган билим сандыгы
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков кечээ алдыңкы манасчылар менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн талкуулады. Тактап айтканда, маданий мекемелерде манасчылардын штаттык бирдиктеринин жоктугу жана «манасчылардын» макамы жөнүндө сөз болду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы
4 декабрь 2020
Жапаров казынага кол салгандар боюнча жооп берди
Садыр Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан олигархтарды жана чиновниктерди коргобой турганын билдирди. Анын айтымында, алардын бардыгы жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек. Мындан тышкары, Жапаров аларды элдин мүлкүн кайтарып берүүгө чакырды.
4 декабрь 2020
Өлкө экономикасы 10 айда пандемиядан улам 7,4% га төмөндөдү
Ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасында төмөндөө 7,4%ды түздү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги отурумунда билдирди.
4 декабрь 2020
8,5 жылда Кыргызстанда 1,4 миллион унаа каттоого алынган
2012-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 1-октябрына чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан 1 миллион 487 миң 174 унаа каттоого алынган Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
4 декабрь 2020
Референдум өткөрүүгө кошумча 4 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат
Бул сумма бюллетендерди даярдоого жумшалат. Референдумга башкаруу формасына байланыштуу эки маселе коюлат: президенттик же парламенттик.
4 декабрь 2020
Президенттикке талапкерлигин койгон 21 киши чогулткан кол тизмелерин тапшырды
Кыргызстандын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин 21и аларды колдогондордон чогулткан кол тизмелерин тапшырышты, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясы.
3 декабрь 2020
Социалдык фонд пенсия көбөйө турганын билдирди
Кыргызстандын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Гүлнура Жуматаева 2021-жылы өлкөдө орточо пенсия болжол менен 250 сомго жогорулай турганын айтты. Төлөмдөрдүн көбөйүшү боюнча суроону парламенттин депутаты Дастан Бекешев берди.
3 декабрь 2020
Дене табы көтөрүлгөндөр шайлоо участкаларына киргизилбейт
БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев дене табы көтөрүлгөн же оорунун белгилери бар шайлоочулар президенттик шайлоо күнү добуш бере албай турганын билдирди. Анын айтымында, мындай чечим коронавирустун жайылуу коркунучун азайтууга жардам берет. Ошондой эле 10-январда шайлоо участогунун кире беришинде адамдардын температурасы өлчөнөт.
3 декабрь 2020
ЖАКМ Кыргызстанда канча киши түрмөдө отурганын айтты
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев жалпысынан 9 миңге жакын адам түрмөдө отурганын билдирди. Алардын ичинен 36%ы оор кылмыштарды жасаса, ал эми 38%ы өзгөчө оор кылмыштардыжасаган.
3 декабрь 2020
Ички иштер министринин атасы каза болду
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мекеменин башчысы башчысы Улан Ниязбековдун атасы каза болгонун билдирди. Омокан Ниязбеков 2021-жылдын январында 69 жашка чыкмак.
3 декабрь 2020
Ош шаарында 7 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт
Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, калаада 7 099 мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт.
3 декабрь 2020
Ысык-Көлдө браконьерлер эки тоо эчкини атышкан
Ысык-Көл облусунда браконьерлер эки тоо эчкини атышканын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо бирикмесинин (NABU) басма сөз кызматы билдирди.
3 декабрь 2020
Россияда мигранттарды адаптациялоочу аймактык борборлор пайда болушу мүмкүн
Россияда мигранттарды социалдык-маданий жактан адаптациялоочу аймактык борборлорду түзүү керек. Мындай пикирин Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Баринов «Россиянын эли» эл аралык форумунда билдирди.
3 декабрь 2020
Кыргызстанда Манас күнү эпосту 24 саат бою айтуу менен белгиленет
Манас күнүн майрамдоого карата Кыргызстандын ар тарабынан келген жаш жана белгилүү манасчылар бир күн бою эпосту тынбай айтышат.
3 декабрь 2020
Путин: Россия Кыргызстанды турукташуу жолунда колдойт
Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы кырдаал турукташып жатканына канааттанганын билдирди. «Биз Кыргызстандын ички саясий турмушунда болуп жаткан окуяларга дайыма тынчсыздануу менен көз салып турдук. Абал турукташып жатканына канааттангандыгымды билдиргим келет», — деди Россиянын президенти кечээ ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында.
3 декабрь 2020
Кыргызстандык хирург-рекордсмен Гиннесс китебинин дипломуна ээ болду
Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеев жетишкендигин расмий тастыктаган Гиннесстин рекорддор китебинен дипломун алды.
Назад
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
Вперед