Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
26 ноябрь 2020
УКМКнын башчысы Ташиев ооруканага түштү
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектеги ооруканага жаткырылды. Маалыматты УКМК тастыктады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, кооптонууга негиз жоктугун баса белгиледи.
26 ноябрь 2020
Евразия өнүгүү банкы: 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсынын төмөндөшү 7,5%ды түзөт
ЕӨБдүн талдоо борборунун башчысы Алексей Кузнецов Евразия банкы 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсы 7,5% төмөндөшүн күтөт деп билдирди. Ошол эле учурда, жылдын акырына карата банктын бардык мүчө-өлкөлөрүнүн ИДПсынын жалпы көлөмүнүн төмөндөшү 3,8%ды түзөт.
26 ноябрь 2020
Кыргыз өкмөтү коомдук иш-чараларды өткөрүүгө салынган тыюуну алып салды
Кыргыз бийлиги массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну алып салды. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева министрлер кабинетинин 17-марттагы коронавируска каршы күрөшүүгө байланыштуу экономикалык чектөөлөр жөнүндө жарлыгы 1-декабрдан тарта күчүн жоготорун билдирди.
26 ноябрь 2020
2020-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 62%га жогорулады
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун саны 62%га көбөйгөнүн айтты. Анын айтымында, буга коронавирус пандемиясы себеп болгон: өзүн изоляциялагандыктан, көпчүлүгү үйдө камалып, жумушсуз калышкан.
26 ноябрь 2020
Россия мигранттар үчүн экзамен тапшыруу эрежелерин өзгөртөт
Россияда жашап, иштөөнү каалаган чет элдиктер үчүн орус тили, тарыхы жана орус мыйзамдарын билүү боюнча экзамендерди тапшыруунун жаңы эрежелери киргизилет. Тиешелүү мыйзамды Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алды.
26 ноябрь 2020
Кыргыз өкмөтү көмүскө сатылган товарларды азайтууну көздөп жатат
Кыргыз өкмөтү ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча ишин уланта берет. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
26 ноябрь 2020
Кыргызстандагы президенттик шайлоо: Россияда 12 шайлоо участкасы ачылат
2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Россиянын аймагында12 шайлоо участкасы иштейт.
26 ноябрь 2020
Бишкекте кыргыз-казак маданий борбору ачылат
Жакын арада Бишкекте белгилүү казак акыны жана философу Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат.
26 ноябрь 2020
Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин жетектеди
Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болду. Анын талапкерлигин бир күн мурун Жогорку Кеңеш жактырганын президенттин басма сөз кызматы билдирди.
25 ноябрь 2020
Кытайдын карызынын мөөнөтүн узартуу менен Кыргызстан 2,9 млрд сом ашык төлөйт
Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, карыздын узарып жаткандыгына байланыштуу өлкө Кытайга 2,9 миллиард сомду ашыкча төлөшү керектигин айтты. Ошол эле учурда, бул маселе боюнча консультациялар дагы деле болсо уланууда.
25 ноябрь 2020
2021-жылга карата өлкө бюджетинин тартыштыгы 1,1%ды түздү
Депутаттар «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты. Бюджетти премьердин м.а. Артем Новиков тааныштырды.
25 ноябрь 2020
Президентти жана депутаттарды шайлоого 853 миллион сом кетет
Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков 2021-жылы президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого болжол менен 853 миллион сом сарпталарын айтты. Азырынча бул сумма кийинки жылдын бюджетине киргизилген жок, анткени ал октябрдын башындагы окуяларга чейин эсептелген болчу. Ал ошондой эле, мөөнөтүнөн мурда президенттик жана парламенттик шайлоо болорунэч ким билбегенин кошумчалады. Буга чейин шайлоо өткөрүүгө АКШ өзүнүн каржылык жардамын сунуштаган. Саясат таануучу Мирлан Түмөнбаев Американын айкөлдүгүнүн себебин түшүндүрдү.
25 ноябрь 2020
Медербек Коргонбаев: Жеңип чыгууга бери дегенде эки эле талапкерде мүмкүнчүлүк бар
Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо өтөт. А дегенде жогорку кызмат ордуна 65 адам аттанып, азыр алардын 47си гана калды. Бул аягы эмес. Өлкөдө кырдаал оор, аны баары эле көтөрө албайт. Саясат талдоочу Медербек Коргонбаев «Кыргыз Элимге» алдыдагы президенттик шайлоонун мурунку шайлоолордон эмнеси менен айырмаланарын жана кыргыздар болочок президенттен эмне күтөрүн айтып берди.
25 ноябрь 2020
Кыргызстандагы президенттик шайлоодо добуш бере тургандар рекорддук көрсөткүчкө жетиши күтүлүүдө
Саясий социология илим изилдөө институту (Москва шаары) өз демилгеси менен кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоо республиканын бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Респонденттердин жалпы саны 7088 болду. Жашы 18ден жогору болгондор сурамжылоого алынган.
25 ноябрь 2020
Анара Базаркулова Кыргызстандагы мыкты мектеп ашпозчусу болду
Кыргызстандагы «Мыкты мектеп ашпозчусу-2020» наамынын ээси 23-ноябрда аныкталды. Анара Базаркулова сынактын жеңүүчүсү, Амина Абдулина экинчи орунду, Чынара Жумаева үчтүнчү болду.
25 ноябрь 2020
Кытай Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардам бөлдү
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков элчи Ду Дэвэнь менен сүйлөшүү учурунда Бишкек Кытай менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өз кезегинде дипломат Пекин коронавируска каршы күрөшүү максатында Кыргызстанга дагы бир гуманитардык жардам бөлүүнү чечкенин айтты. Жүк жакын арада жеткирилет.
25 ноябрь 2020
Бишкекте абанын сапаты көзөмөлгө алынып, кара түтүнгө каршы күрөш жүрөт
Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөө үчүн 39 датчик орнотулат.
25 ноябрь 2020
Россия Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдойт
Россия Кыргызстанга жалпы салмагы 8 миллион АКШ долларын түзгөн 9000 тоннадан ашкан азык-түлүктү гуманитардык жардам катары жөнөтөт.
25 ноябрь 2020
Бишкекте «Пушкин Балы» өттү
Бишкекте «Пушкин Балы» болуп өттү. Бий студияларынын окуучулары Пушкин доорундагы костюмдарды кийип, Чайковскийдин, Свиридовдун, Хачатуряндын музыкаласына вальс бийлешти.
25 ноябрь 2020
Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүүнү пландалууда
Туризм департаменти 2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү концепциясын иштеп чыкты.
Назад
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
Вперед