Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
24 ноябрь 2020
Президенттин парламенттеги өкүлү кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдалануу фактысы боюнча президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалганын билдирди. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.
24 ноябрь 2020
Президенттикке талапкерлигин койгондордун 16сы жарыштан четтетилди
БШК 24-ноябрда дагы бир президенттикке талапкер шайлоо алдындагы жарыштан четтетилгенин билдирди. Бул ирет Турсунбек Жумабеков өз каалоосу менен четтеди. Ошол эле учурда 47 адам дагы деле болсо Кыргызстанды башкарууга аракет кылып жатышат.
24 ноябрь 2020
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мадумаров боюнча БШКга арызданды
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, департаменттин өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына видео материалдарды жөнөтүшкөн, анда президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Москвадагы эмгек мигранттары менен жолугушуусу тартылган. Буга чейин бул видео социалдык тармактарда тараган болчу.
24 ноябрь 2020
Эксперттер учурда кыргызстандыктарды тынчсыздандырган 5 көйгөйдү аныкташты
«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фонду Кыргызстандын жашоочуларын эң көп тынчсыздандырган темаларды аныктоо максатында экспресс-сурамжылоо жүргүздү. Изилдөөгө 400 респондент катышкан, сурамжылоо 10-ноябрда өлкө боюнча онлайн режиминде жүргүзүлгөн.
24 ноябрь 2020
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандар 70 миңден ашты
COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 70 миң 366 адам ооруга чалдыкты.
24 ноябрь 2020
«Манас» аэропортунан алгыр куштарды алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды
Кыргызстандан шумкарга окшогон алгыр куштарды мыйзамсыз алып чыгуу аракети болду.
24 ноябрь 2020
Кыргызстанда уюлдук байланыш арзандайт
Аталган маселе вице-премьер-министр Равшанбек Сабировдун жергиликтүү уюлдук операторлордун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда талкууланды.
24 ноябрь 2020
Президенттик жарыштан 15 талапкер чыкты
Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин саны 63төн 48 адамга чейин кыскарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
24 ноябрь 2020
Россияга кыргыз мигранттарынын агымы үч эсе кыскарды
Коронавирус пандемиясына жана аба каттамдарындагы чектөөлөр Россияга келген чет элдиктердин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын азайышына алып келди.
23 ноябрь 2020
«Манас» эпосу Зеленкова чокусунда жаңырды
Тоо туризм клубунун жетекчиси Жунус Маметов Зеленкова чокусунда ( деңиз деңгээлинен бийиктиги 3 миң 801 метр) Манас айтты. Бул тууралуу ал Instagram баракчасына жарыялады. Ушундай жол менен ал манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манасчылык өнөрүн көтөрүү идеясын колдоону чечкен.
23 ноябрь 2020
Улуттук банктын башчысы: Сомдун кескин түшүп кетпеши үчүн бардыгын жасап жатабыз
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алар сомдун наркы түшпөшү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты. Анын айтымында, Кыргызстанда валюта курсунун калкып жүрүү режими иштеп жатат. Демек, доллардын жана чет элдик валюталардын курсу суроо-талапка жараша аныкталат. Ошол эле учурда Абдыгулов экономика төмөндөп жатат деп белгиледи. Ошондуктан улуттук валютанын курсу олку-солку болуп жатат. Валюта рыногунда акыркы эки айда сомдун курсун турукташтыруу үчүн Улуттук банк болжол менен 100 миллион доллар саттыкка чыгарганын ал баса белгиледи.
23 ноябрь 2020
Кыргызстандын мамлекеттик карызы долларда азайып, бирок сомдо көбөйдү
Кыгызстандын Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 30-сентябрга карата республиканын мамлекеттик карызы 4 миллиард 826,46 миллион долларды же 384 миллиард 186,08 миллион сомду түздү. Тактап айтканда, тышкы карыз — 4 171,13 миллион доллар, ал эми ички карыз — 655,33 миллион доллар.
23 ноябрь 2020
Баткенде жергиликтүү тургундар дарыгерлерге тез жардам унаасын сатып беришти
Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылынын тургундары жергиликтүү фельдшердик-акушердик пункт үчүн Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү тез жардам унаасы сатып алышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова билдирди.
23 ноябрь 2020
Ысык-Көл облусунун башчысы кырсыкка кабылды
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу журналисттерге анын басма сөз кызматы кабарлады.
23 ноябрь 2020
Кыргыздын улуттук ырлары жаңсоо тилине которулду
Кыргызстандын улуттук ырлары угуусу начар адамдар үчүн жеткиликтүү болуп, жаңсоо тилине которулду.
23 ноябрь 2020
Кыргызстанда коронавирусту дарылай турчу дары-дармектин баасы текшерилет
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиковдун тапшырмасы менен Кыргызстандын аймактарында коронавирус инфекциясын дарылай турчу дары-дармектердин бааларына мониторинг жүргүзүлөт.
23 ноябрь 2020
Кыргызстан менен Казакстан аскердик кызматташууну күчөтөт
Кыргызстан менен Казакстан эки тараптуу аскердик кызматташтыкты күчөтүүгө даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиев менен Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпейисов менен жолугушуусунан кийин белгилүү болду.
23 ноябрь 2020
Кыргызстандык режиссердун даректүү тасмасы Түркиядагы кинофестивалда баш байге алды
Кыргызстандык жаш режиссер Гүлнара Айтмаматованын «Тайгак жол» даректүү тасмасы Түркияда өткөн «Келечектин коммуникаторлору» эл аралык кинофестивалында жеңүүчү деп табылды.
23 ноябрь 2020
Кыргызстанда насыя алгандар үч айга пайыздык төлөмдөрдөн бошотулду
Өкмөт алган насыясы 100 миң сомдон ашпагандардын үч айга пайыздарды төлөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды.
22 ноябрь 2020
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкөнүн инвестициялык потенциалы менен тааныштырды
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өзүнүн веб-сайтында өлкөнүн экономикасынын ар кыл тармактары боюнча бир нече презентацияларды жайгаштырды. Дипломатиялык өкүлчүлүк алардын максаты потенциалдуу россиялык инвесторлордун көңүлүн буруп, соода-экономикалык өнөктөштүктү кеңейтүү экенин белгилейт.
Назад
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
Вперед