Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
21 ноябрь 2020
Кыргызстандын колонияларынан 230 адам ырайым менен бошотулду
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон ырайым берүү жөнүндө жарлыктарга ылайык, 230 адам абактан бошотулду. Дагы 38 соттолгон адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.
21 ноябрь 2020
Кыргызстандан «Оскар» сыйлыгына талапкер аныкталды
«Оскарга» Кыргызстандын атынан режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө-Күлүк» тасмасы катышат. «Ак-Илбирс» улуттук киносыйлыгынын катчылыгынан кабарлашкандай, тасма «Мыкты чет элдик тасма» номинациясына көрсөтүлөт.
21 ноябрь 2020
Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери илбирстин баласын коргоого алышты
Караколда ак илбирстин баласы пайда болгону жөнүндө маалымат социалдык тармактарда тарады. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциянын Талас облусу боюнча региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери аталган аймакта ыкчам иш-чара өткөрдү.
20 ноябрь 2020
ЕАӨБ: Кыргызстандын ИДПсы 2020-жылы 5,9% га кыскарат
Евразия Өнүктүрүү Банкынын бир айлык макробаяндамасына ылайык, 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсынын төмөндөшү 5,9% ды түзүшү мүмкүн. Атап айтканда, бул негизги металлдарды өндүрүүнүн 27,8% га төмөндөшүнөн жана курулуштагы рецессиянын тереңдешинен келип чыгат.
20 ноябрь 2020
Кыргызстандыктардын жарымынан көбү Курултайдын ишине катышууга даяр
Кыргызстандагы Конституциялык реформаны талкуулоонун алкагында «Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши» коомдук бирикмеси жана «Таза Кыргызстан үчүн» жаштардын платформасы өз демилгелери менен телефондон социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. Изилдөөнүн максаты жашоочулардын презденттин м.а. Садыр Жапаровдун Курултайга Кыргызстандын башкы сунуш берүүчү органы катары статус берүү боюнча маалымдуулугун билүү болгон.
20 ноябрь 2020
Эксперт Баш мыйзамда Курултайдын пайда болушу боюнча пикирин айтты
Бишкекте 2020-жылдын 29-октябрында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун конституциялык реформа жана демилгелерин колдоо боюнча Курултай өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жүздөгөн адамдар катышкан.
20 ноябрь 2020
Кыргызстанда автоунаа айдаган аялдар көбөйдү
2020-жылы Кыргызстанда аялдар айдоочулук күбөлүктү сан жагынан дагы, пайыз жагынан дагы көп ала баштады.
20 ноябрь 2020
Кыргызстан 33 мамлекеттин жарандарына чек арасын ачты
Жарандары Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген мамлекеттердин тизмеси отуз үчкө чейин кеңейтилди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
20 ноябрь 2020
Кыргызстандыктар чакан насыяларды көп ала баштады
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кыргызстандагы микрокредиттик уюмдар тарабынан 545 миң кишиге жалпы суммасы 23,4 миллиард сомго насыя берилди.
20 ноябрь 2020
Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстанга өтүп кеткен малды ээлерине кайтарып берди
КРдин Жалал-Абад облусундагы чек ара башкармалыгынын кызматкерлери жайылып жүрүп Өзбекстанга өтүп кеткен 51 баш майда мүйүздүү малды, 7 баш бодо малды жана 5 жылкыны жарандарга кайтарып берди.
20 ноябрь 2020
Кыргызстандын мектеп ашпозчулары «мыкты» болуу үчүн ат салышат
Бүгүн Кыргызстанда мыкты мектеп ашпозчусу аныкталат. Финалга чыккан беш талапкер «Мыкты мектеп ашпозчусу-2020» наамы үчүн ат салышат.
19 ноябрь 2020
Эксперттер экономикалык мунапыс жана анын Кыргызстандагы азыркы кырдаалдагы ролуна комментарий беришти
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткарып жатканда экономикалык мунапыс жарыялаган. Ал 30 күндүк убакыт берген. Эгерде жарандар ушул мезгилде мыйзамды бузуу менен тапкан каражатын кайтарып беришсе, анда алар жазаланбайт. Бул аракеттердин ишке ашырылышын «Кыргыз Элим» порталына саясат таануучу Марс Сариев мындайча түшүндүрдү:
19 ноябрь 2020
Россиядагы мигранттар үчүн документтердин жарамдуу мөөнөтү пандемия аяктаганга чейин узартылышы мүмкүн
Россияда мигранттардын жүрүүсүнө уруксат берүүчү документтерди автоматтык түрдө узартуу мөөнөтү коронавирус пандемиясы аяктаганга чейин узартылышы мүмкүн. Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькова эгер пандемия улана берсе, анда Россиянын Ички иштер министрлигине тиешелүү өтүнүч менен кайрылууну көздөп жатат.
19 ноябрь 2020
Ысык-Көлдө узундугу 40 чакырымга жеткен мыйзамсыз коюлган торлор алынды
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери браконьерлер тарабынан Ысык-Көлдүн үч жерине мыйзамсыз орнотулган 380 балык торун алып, өрттөштү.
19 ноябрь 2020
Россотрудничество: Кыргызстанда орус тилин окутуу кыскарбашы маанилүү
Россотрудничествонун башчысы Евгений Примаков онлайн маалымат жыйында Кыргызстандагы мекеменин ишин өзгөртүү пландары жөнүндө айтып берди.
19 ноябрь 2020
Кыргызстандын бийлиги азык-түлүктүн баасын көзөмөлгө алат
Кыргызстанда азыктүлүктү өлкөдөн алып чыгууга тыюу салууну киргизүү мүмкүнчүлүгү талкууланып жатат. Ошентип, бийлик элди азык-түлүк тартыштыгынан коргоону пландоодо.
19 ноябрь 2020
«077» Кыргызстандагы эң популярдуу унаа номери
ыргызстандын айдоочулары көбүнчө «077» сандары катышкан номерлерди тандашат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
18 ноябрь 2020
Кыргыздар англис тилин Тажикстан, Ирак, Оман жана Сауд Аравиясынын тургундарына караганда жакшы билет
Англис тилин билүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 2020-жылы Кыргызстан 96-орунду ээледи. Былтыртан бери өлкө өз позициясын үч пунктка жакшырткан.
18 ноябрь 2020
Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык Кыргызстандын президенти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолу шайлана алат
Кечээ жакында эле кыргыз парламентинин депутаттары өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Документке ылайык, президент 5 жылга шайланат, ошол эле учурда бир эле киши эки мөөнөттөн ашык мамлекет башчысы болуп шайлана албайт.
18 ноябрь 2020
Кыргызстанда аткаминерлердин саны 10%га азайылат
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин саны 10%га кыскарат. Бардык аткминерлер кайрадан аттестациядан өтүп, жаңы кадрлар сынактын негизинде гана кабыл алынат.
Назад
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
Вперед