Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Интервью
16 октябрь 2021
Евгения Шепелева: Бактылуу өмүр – биринчи кезекте анын сизде бар экендигине чын дилден жана чексиз ыраазы болуу.
Бизнес-психолог Евгения Шепелева Россиянын, Борбор Азиянын, КМШнын ири компанияларынын жетекчилерине кеңеш берет. Анын кызматы арзан эмес, сыйакылары миллион долларга чейин жетет. Арийне, Евгениянын автордук ыкмасы компанияларга кирешени 5-10 эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.
28 сентябрь 2021
Сиздики болчу – биздики болду. Кытай кыргыз алтынын чыгарып кетүүдөбү?
Тоо бар жерде жабык кен байлык дагы көп кездешет. Кыргызстан 94% тоо кыркаларынан турат. Өлкөнүн түндүгүндө алтын мөңгүлөрдүн астынан казып алынат, түштүктө болсо бир аз башкача.
8 январь 2021
Станислав Притчин: Кыргызстанга агартылган президенттик башкаруу керек
ИМЭМО РАН постсоветтик изилдөө борборунун улук илимий кызматкери Станислав Притчин «Кыргыз Элимге» 10-январдан кийинки Кыргызстандын келечеги жөнүндө ой бөлүштү. Анын пикиринде, Садыр Жапаров объективдүү түрдө күчтүү атаандаштарга ээ эмес, бирок көп нерсе алдыдагы шайлоодо ага канча кыргыз жараны добуш берээринен жана алган ишенимди кантип колдонууну чечкенинен көз каранды.
7 январь 2021
Игорь Шестаков: «Татаал көйгөйлөр мөндүрү Кыргызстандын кийинки президентине түшөт»
Аймактык эксперттердин «Пикир» клубунун теңтөрагасы Игорь Шестаков «Кыргыз Элимге» Кыргызстандагы референдум жана президенттик шайлоо кандай өтөөрү тууралуу ой бөлүштү. Анын айтымында, 10-январда ким жеңсе, ал шайлоочулардын болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарына жана талаптарына туш болот.
5 январь 2021
Активист Мураталы Керимбаев: «30 жылдан бери эл арасында мындай биримдик көрө элекмин»
Кыргызстан президенттик шайлоого даярданууда: бир нече күн аралагында мамлекеттин жакынкы жылдарга саясий багыты аныкталат. Негизги көйгөйлөр анык: жумушсуздук, келечектүү жаштардын жапырт агымы жана эң негизгиси, жакшы үмүттүн жоктугу. Саясий активист Мураталы Керимбаев «Кыргыз Элим» басылмасына берген маегинде кырдаал тууралуу ой бөлүштү.
3 январь 2021
Арсен Үсөнов: Кыргызстандыктардын көпчүлүгү президенттик республиканы колдошот
Саясат таануучу Арсен Үсөнов «Кыргыз Элим» басылмасына берген маегинде кыргызстандыктар ким жана эмне үчүн добуш берүүгө даяр экендиги жөнүндө ой бөлүштү. Анын айтымында, башкы маселе, мамлекеттин жашоочулары акыр-аягы кандай башкаруу формасын тандайт деген маселе эмес, жаңы мамлекет башчы жана анын командасы канчалык жоопкерчиликтүү жана кесипкөй болот.
30 декабрь 2020
Китепканачы Татьяна Леонтьева: «Кыргызстандын адабиятына болгон кызыгуунун өсүшүн күтүп жатабыз»
Екатеринбургдун китепкана борборунда өзүнүн «Кыргыз адабиятынын бурчу» түптөлөт, анда орустар кыргыз жазуучулары, маданияты жана улуттук чыгармачылыгы жөнүндө көбүрөөк биле алышат. Ал эми Кыргызстандан барган мигранттар тематикалык иш-чараларды өткөрүп, кыргыз адабиятын талкуулай алышат. Бурчтун ачылышы 2021-жылдын башына пландаштырылган жана аны толтурууга Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу жооптуу. Демек, китеп тандоо татыктуу болот! Екатеринбург китепкана борборунун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Татьяна Леонтьева «Кыргыз Элимдин» журналисти менен болгон маегинде пландар жөнүндө кененирээк айтып берди.
28 декабрь 2020
Александр Гусев: Кыргызстандын жаңы бийлиги Россиянын чоң колдоосуна ээ
Эл аралык эксперт, саясий илимдердин доктору, профессор Александр Гусев «Кыргыз Элимге» 2020-жыл Россия менен Кыргызстандын мамилелери үчүн канчалык оор болгонун айтып берди. Анын белгилешинче, октябрдан кийин АКШнын постсоветтик мейкиндикте өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн өлкөнү пайдаланууга аракет кылган, бирок Бишкектин АКШдан алыстап кеткенине Москва кубанып турат. Ошол эле учурда, Гусевдин айтымында, Жээнбеков алсыз саясатчы болгон, кыргыз элитасы менен тил табыша алган эмес жана өлкөнүн жаңы бийлиги Россиянын чоң колдоосуна ээ.
23 декабрь 2020
Мугалим Ольга Лепеева: «Орус тилин потенциалдуу гастарбайтер деңгээлинде үйрөнөсүзбү? Мага ал туура келбейт»
Кыргызстанда орус тили расмий тил, бирок күнүмдүк деңгээлде орус тили Россияга акча табуу үчүн кете тургандарга гана керек деген пикирлер бар. Мындай ыкма Нарындагы Чкалов атындагы № 2 орто мектепте директордун инновациялык иштер боюнча орун басары, эл аралык билим берүү программаларынын координатору Лепеева Ольга Дмитриевнага кооптондурат.
20 декабрь 2020
Мугалим Динара Кийизбаева: «Россия Пушкин менен, Кыргызстан Айтматов менен сыймыктанат»
Кыргызстандын улуттук тили — кыргыз тили, бирок орус тили, адабияты жана киносу республика үчүн бирдей болгон СССРдин 70 жылдык тарыхынын эсинен кетирүү мүмкүн эмес. «Чет өлкөлөрдөгү орус тили жана адабияты мугалимдеринин Пушкин сынагынын» жеңүүчүсү Динара Кийизбаева «Кыргыз Элим» порталына берген маегинде Пушкин менен Айтматовду кантип жанаша коёрун жана эмне үчүн советтик кинолодогу орус сабактарында колдонуларын айтып берди.
18 декабрь 2020
К. Мурзахалилов: «Салафизмди Борбор Азия өлкөлөрү биргелешип көзөмөлгө албаса, аймакка коркунуч жаратышы мүмкүн»
Ислам дининин бир бутагы болгон салафизм кайдан келип чыккан, бул агымдын Борбор Азия мамлекеттеринде ишмердүүлүгү кандай жана көздөгөн максаты эмне? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде Кыргызстандагы белгилүү дин маселелери боюнча эксперт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун мурдагы орун басары Канатбек Мурзахалилов менен маектештик.
16 декабрь 2020
Опера ырчысы Жеңиш Ысманов: «Италияда 10 жыл жашасам дагы, жан дүйнөм Кыргызстанга тартып турат»
Жеңиш Ысманов Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында жөнөкөй үй-бүлөдө жарыкка келген. Ал беш баланын эң кенжеси. Бүгүнкү күндө ал белгилүү италиялык Ла Скала театрында дасыккан опера ырчысы. Ысманов «Кыргыз Элим» менен болгон маегинде эмне үчүн Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаганын айтып берди.
12 декабрь 2020
Экономикалык натыйжа: Кыргызстандын экономикасы 5тен 25% чейин төмөндөйт
Кыргызстан үчүн 2020-жыл эгемендиктин бүткүл тарыхындагы эң оор жылдардан болуп калды. Биринчиден, экономика коронавирус пандемиясына жана дүйнөлүк кризиске, андан кийин бийлик алмашуусуна алып келген октябрь окуясына туш келди. Экономист Денис Бердаков «Кыргыз Элим» басылмасына берген маегинде жыл жыйынтыгына сереп салды.
8 декабрь 2020
Узакбай Абдипаизов: Туулган жерге сүйүү айыл чарбасына жетелейт
Дыйканчылык салттуу түрдө кыргыз экономикасынын негизги тармактарынын бири болуп эсептелет. Бирок, тармак олуттуу кыйынчылыктарды баштан кечирип, акыркы мезгилде өлкө азык-түлүктүн, анын ичинде эттин кымбатташына туш болду. Мунун себеби эмнеде жана кырдаалдан чыгуунун кандай жолу болушу мүмкүн? Айыл чарба боюнча эксперт, «АгроСтайл» ЖЧКнын директору Узакбай Абдипаизов «Кыргыз Элимге» ой бөлүштү.
5 декабрь 2020
Дастан Дүйшекеев: Акылмандык жана маданият — бул Кыргызстан элдеринин биримдигинин негизи
Жакында Кыргызстандын мурдагы президенттин милдетин аткаруучусунун пресс-катчысы Дастан Дүйшекеев мамлекет башчынын аппаратынын тышкы саясат бөлүмүн жетектей баштады. «Кыргыз Элим» менен болгон маегинде ал Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында окуган эмгек жолу жана жаңы кызматында жетекчиликке алганы жаткан артыкчылыктары жөнүндө айтып берди.
5 декабрь 2020
Юрий Московский: Россияга чет элдик жарандар керек
Быйыл жазында дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы, баары эле жоопкерчиликти өз мойнуна алууга жана башкаларга кам көрүүгө даяр эместигин көрсөттү. Өрнөктүү кишилер бар экенин да далилдеди. 5-декабрда белгиленүүчү Ыктыярчылар күнүндө Москва Өкмөтүнүн Улуттар Кеңешинин Миграция боюнча комиссиясынын төрагасы Юрий Московский «Кыргыз элимге» ыктыярчылар мигранттарга эң оор мезгилде кандайча жардам бергендиги жөнүндө айтып берди.
4 декабрь 2020
Гүлайым Донбаева: Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак — бул Кыргызстандын мурасы
Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак — Кыргызстандын тарыхый-архитектуралык мурасынын эстелиги, айтылбаган символу, «Бишкектин жашыл өпкөсү». Бирок барган сайын шаардыктар бакчаны «өпкө» гана эмес, борбордун «жүрөгү» деп да аташат. 1938-жылы негизделген, ал мурдагыдай эле аянты боюнча эң ири жана постсоветтик мейкиндиктеги ботаникалык бакчалардын өсүмдүктөрүнүн коллекцияларынын курамына бай бойдон. Бакчанын кызматкерлеринин баштапкы иштери борбор шаарды жашылдандырууда маанилүү ролду ойноду. Ботаникалык бактын 1970-80-жылдары Кыргыз ССРинин борбору Советтер Союзунун эң жашыл шаары деп эсептелген мезгилинде гүлдөп-өскөнү бекеринен эмес.
3 декабрь 2020
Тимур Оторбаев: Биз өндүрүш тармагын реформалоо үчүн жооптуубуз
Учурда Кыргызстандын экономикасында өтө олуттуу маселе турат. Дээрлик ар бир тармакта өлкөнүн өнүгүүсүнө жана анын алдыга жылышына тоскоол болгон көйгөйлөр топтолгон. Ошондой эле транспорт тармагы да четте калган жок. Транспорттук тутумдун жетишсиз деңгээлде өнүккөндүгү жана көп жылдардан бери чечилбей келе жаткан кыйынчылыктар Кыргызстандын тармакты олуттуу түрдө кайра түзүүнү талап кылат. Өлкөнүн транспорт комплексинин курч көйгөйлөрү жөнүндө адис Тимур Оторбаев менен маектештик.
2 декабрь 2020
Москва Мамлекетти Университетинин профессору Галина Сорина: Курултай идеясы Кыргызстан үчүн жемиштүү!
1 декабрь 2020
Гунтрам Кайзер: Кыргызстандагы шайлоо бир тур менен өтөт
Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Мурунку дипломат, Берлинде жайгашкан KaiserCommunication PR агенттигинин башчысы, постсоветтик мейкиндиктеги саясий процесстер боюнча белгилүү эксперт Гунтрам Кайзер шайлоо жараянынан эмнени күтсө болору, жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн экендиги тууралуу ой бөлүштү. Анын маегин «Вечерний Бишкек» басылмасы жарыялаган.
1
2
Вперед