Сүрөтчү Асатилла Тешебаев: «Кыргыздардын Москвада сейилдегенге убактысы жок. Алар иштегени келишкен»
10 ноябрь 2020

Сүрөтчү Асатилла Тешебаев: «Кыргыздардын Москвада сейилдегенге убактысы жок. Алар иштегени келишкен»

«Мекен эмнеден башталат?» — деген эски ыр мурдагы СССР аймагында төрөлгөн ар бир кишинин жүрөгүнө жакын. Сүрөтчүлөрдө бул суроого жооп даяр: Мекен чыгармачылыктан башталат!

Асатилла Тешебаев Москвада 1982-жылдан бери жашайт. Бирок жүрөгүнүн түпкүрүндө Ата журту — Кыргызстанга болгон сүйүү өчпөйт. 2020-жылдын декабрында Тешебаев Москвадагы Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө башка кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен биргелешкен көргөзмө ачууну пландаган. Бирок пандемия баарына тоскоолдук жаратты... Ага карабай сүрөтчү маанайын түшүргөн жок. Тешебаев бизге чыгармачылык жолу жана Мекендин ыйыктыгы тууралуу ой бөлүштү.

Баса, ал көргөзмөгө өзүнүн альбомундагы бир катар эмгектерди да айкалыштырууну план кылган кылган, эми анын баарын эмки жылы ишке ашырууга туура келет. Эл күтөт — Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылында төрөлүп, дүйнөлүк деңгээлдеги сүрөтчү болуп жетишкен кишинин көргөзмөсү күтүүгө арзыйт. Айрыкча, жердештери...

Асатилла, сиздин эмгектериңиздин көбү кайсыл багытта?

Эмгегимдин көбү жалпы адамзатка таандык көйгөйлөргө арналат: кубаныч, кайгы. Баарын улуттук тематикага байлаймын. Бардык эмгектеримде улуттук колорит бар, сүрөттөрүм жалпы контекстке биригет.

Сиз Москвада көп жылдардан бери өмүр кечиресиз. Кайсыл жылы келдиңиз эле?

Совет доорунда келгем — 1982-жылы. Кинематография институтунда кинохудожник багытында билим алганмын. Кийин Кыргызстанда иштедим, ал жакта турак-жай маселесин чечишим керек эле. Бирок үй-бүлөм Москвада болчу, ошондуктан кайра келип, жашап калдым. Кийинчерээк Европада да жашадым. Тагыраагы, Австрияда 12 жыл өмүр кечирдим. 1990-жылдан баштап Арбат сыяктуу көчөдө портрет, карикатура тарта баштадым. 2012-жылы үй-бүлөмө, балдарымдын алдына кайттым. Азыр менин үйүм — ушул жер.

Сиздин баамыңызда Москвадагы кыргыз диаспорасы көңүл бурчу маанилүү маселелер кайсылар? Элди кандай көйгөй тынчсыздандырат?

Өзүңүз билгендей, Москвада азыр Кыргызстандан келгендер өтө көп. 700дөн кем эмес болушу керек. Эң талылуу маселе пандемияга байланыштуу: көпчүлүк мекенине кайтып кетүүгө жетишти, азыр кайра бул жака келүүнү каалап жүрүшөт, а Казакстан менен чек ара жабык. Бирок алар келиши кажет, анткени бул жакта иштеп акча табышат. Анүстүнө Россиянын мыйзамдарына жараша бул жакта кыйынчылыктар аз. Европанын өлкөлөрү менен салыштырып көрөлүчү, патент зарыл эмес, жумушка кирүү оңой. Анткени, Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон, ушундан улам Россияда иштеген пайдалуу.

Силер ынтымакта жашайсыңарбы?

Ооба, бул жакта көптөгөн кыргыз диаспоралары бар. Айылдык, облустук, райондук фонддор түзүлүп, өз ара алака-катышты калыптандырышкан. Бири бирине жардам беришет. Биз түрдүү уюмдарга, жердештерибизга жардамдашып келатабыз. Укуктук көмөк көрсөтүү жагы да бар. Андан тышкары, кайгылуу опция — «Жүк 200» көйгөйү бар. Бул жакта каза болуп калган кыргызстандыктарды мекенине жөнөтүү үчүн да жердештер каржылык көмөк көрсөтүшөт. Бул кайгылуу, бирок өтө маанилүү жагдай. Андан тышкары, майда-чүйдө маселелер, документ иштери, полицияга түшүп калуу сыяктуу кырдаалдарда да бири бирибизди колдойбуз.

Москванын кайсыл жерин жакшы көрөсүз?

Мага жөө баскан көбүрөөк жагат. Көргөзмөлөргө барганды жакшы көрөм. Кээде Арбатта басам, ВДНХны кезем. Мурдагы «Россия» конок үйүнүн ордуна жакшы сейил бак курушту, ошол жакта эс алса болот, Москванын панорамасын көз салса болот.

Пандемиядан мурда сизге Кыргызстандан тааныштар, достор келип турчу беле? Москвада аларга алгач эмнелерди көрсөтөт элеңиз?

Чын айтсам, бул жакта жердештерим толтура. Мурда, Советтер Союзу учурунда келген тааныштарыма а дегенде Кызыл аянтты, Мавзолейди, ВДНХны, Маданият багын көрсөтөр элем. Азыр баары өзгөрдү. Адамдар кооз жайларды көрүү үчүн эмес, иштеп акча табуу жана бул жакта жашап калуу максатында келишет. Сейилдегенге убактылары жок. Алар үчүн маданий программа ойлоп табуу шарт эмес.

Москвадагы мекендештериңизге кандай каалоо-тилектериңиз бар?

Бизде орус тили экинчи тил деп саналат жана расмий макамга ээ. Биздин мекендештер тажиктерге, өзбектерге караганда орус тилин жакшы билишет. Бул аябай пайдалуу. Бирок эрежелерди унутпоо керек. Көпчүлүк кишилер убагында каттоого турбагандыктан, документинде көйгөй жаралат, мөөнөтү өтүп кетет. Мындай кылбаш керек. Мен жердештериме эрежелерди, салттарды, мыйзамдарды сыйлоону кеңеш берем. Каерде жашасаң, эмгектенсең ошол жердин эрежелерин урматоого, коомдук тартипти сактоого тийишсин. Ошол мамлекетти, бийликти сыйлоо зарыл, бирок өз мекенин унутпоо керек.