Опера ырчысы Жеңиш Ысманов: «Италияда 10 жыл жашасам дагы, жан дүйнөм Кыргызстанга тартып турат»
16 декабрь 2020

Опера ырчысы Жеңиш Ысманов: «Италияда 10 жыл жашасам дагы, жан дүйнөм Кыргызстанга тартып турат»

Жеңиш Ысманов Ош облусунун Ноокат районундагы Кулатов айылында жөнөкөй үй-бүлөдө жарыкка келген. Ал беш баланын эң кенжеси. Бүгүнкү күндө ал белгилүү италиялык Ла Скала театрында дасыккан опера ырчысы. Ысманов «Кыргыз Элим» менен болгон маегинде эмне үчүн Кыргызстанга кайтып келүүнү каалаганын айтып берди.

Мен Италияда 2009-жылдан бери жашайм. Кесибим өркүндөтүү үчүн окууга баргам — мен опера ырчысымын, бул менин кыялым болчу. Албетте, өз ишимдин аркасында максатыма жеттим, өсүүгө аракет кылдым, эл аралык мелдештерге катыштым, италиялыктар мени ошол жерден байкап калышты. Алгач, алар мага демөөрчүлөрдү табууга жардам беришип, кийин мен өз кесибим боюнча иштей баштадым.

Италияга кетерден мурун Кыргызстанда билим алдыңыз беле?

Ооба, мен Кыргызстанда билим алып, Кыргыз Улуттук Консерваториясын аяктап, анан эки жылдык аспирантурада окудум, жалпысынан сегиз жыл билим алдым.

Аспирантурадан кийин эле кетип калдыңызбы же мекениңизде чыгармачылык менен алектендиңизби?

2006-жылы аспирантураны аяктап, 2009-жылы Италияга кеттим.

Искусствонун жана аны түшүнүүнүн Кыргызстандагы жагдайына кандай баа бере аласыз?

Кыргызстанда, тилекке каршы, искусствону түшүнүү өнүккөн эмес. Ошондуктан, мен буга жетишсем — маданияттын деңгээлин көтөрсөм дейм. Эгерде буга профессионалдар иштеп, күч-аракеттерин жумшаса, анда биз жогорку деңгээлге жетише алабыз, дүйнөлүк маданият менен теңтайлашабыз деп ишенем.

Бул үчүн эмне кылуу керек?

Президент маданият тармагындагы иштерди жеке көзөмөлүнө алышы керек деп эсептейм. Болбосо, бизде өнүгүү болбойт. Бардык маалыматты бийликке жеткирем деп үмүттөнөм. Мен өз өлкөмдө маданиятты өнүктүрүү үчүн көптөгөн ири долбоорлорду жасайм. Адамдарды театрларга жана концерттерге келишине үгүттөө зарыл. Тилекке каршы азыр адамдар маданияттан алыстап кетишти.

Эмне себептен?

Мекендеги ар кандай окуялардан улам. Акыркы 10-15 жылда элди өлкөдөгү саясий кырдаал көбүрөөк кызыктырат. Адамдардын маданиятт ойлонууга убактылары жок, ага күч да жетишпейт. Бирок, мен дагы деле болсо жаш кадрлар менен иштөө керек деп эсептейм, анткени алардын арасында мектепти бүткөндөн кийин, өз жөндөмдөрүн өркүндөтүү үчүн кайда барууну билбей жүргөн таланттуу балдар бар.

Сиз опера ырчысысыз. Мисалы, кайсы опералар Кыргызстанда популярдуу болушу мүмкүн?

Тилекке каршы, бизде репертуар өтө эле аз. Биз котормочулук менен алектенебиз, бирок дүйнө жүзү буга чейин мындай тажрыйбадан чыгып кеткен — бардык жерде опера түпнускада коюлуп, субтитрлер өзүнчө берилет. Мисалы, Италияда Ла Скалада дагы, опера итальян тилинде коюлса да, алардын эмне жөнүндө ырдап жаткандыгын түшүнүү үчүн стенограммасын берүү керек. Биз да буга жетишишибиз керек. Жаңы чыгармаларды, жаңы долбоорлорду жазуу зарыл.

Италияда жашаган мекендештер менен байланышып турасызбы?

Ооба, Италиядагы жана Европадагы өкүлдөр менен байланышым бар. Италияда канча кыргызстандык бар экендигин айтууга даяр эмесмин, а менин кесибимде эч ким жок экенин анык айта алам. Мекендештерим негизинен ал жакка акча табуу үчүн барышат. Албетте, биздикилерге Россияга кетүү жеңил.

Сиздин мекенден алыс экениңиз чыгармачылыгыңызга кандай таасир этет?

10 жылдан бери Италияда жашасам дагы, жан дүйнөм Кыргызстанга тартып турат. Биздин маданиятта эмне болуп жаткандыгына байкоо салам. Мен өзүм инвестиция салууга даярмын. Кыргызстанда өнүгүү болушун каалайм, биз жогорку деңгээлге көтөрүлүшүбүз үчүн, тарыхыбызды билишибиз керек.

Эми, албетте, пандемия катуу таасирин тийгизүүдө. Жакында Германияда Жаңы жылга пландаштырылган келишимим жабылып, ал жокко чыгарылды. Мен буга чейин 8 контракттан кол үздүм, бул 9-болду.

Үй-бүлөм Италияда, мен откябрдан бери өзүмдүн мекенимде — Кыргызстандамын, иштер менен келгем. Жумуштарымды бүтүрсөм Италияга кайтып келем. Жаңы жылды үй-бүлөм менен тосом деп ишенем.

Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо болот. Сиз Италияда добуш берет турбайсызбы?

Мен азырынча муну так айта албайм.

Сиз мекениңизде көп убакыт болгон жоксуз. Жалпы кырдаалды кандай баалайсыз? Сиздин оюңузча, шайлоодон кийин бир нерсе өзгөрүшү мүмкүнбү?

Эгер баары жакшы болсо, анда бийликте жооптуу адам болот — бул мени кубандырат, анткени бизде мындай нерсе көптөн бери болгон эмес. Учурда биз референдумга жана конституциялык өзгөртүүгө бет алдык. Мен муну туура деп эсептейм, анткени мен президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен жакшы таанышмын. Ал узак жолду басып өттү, эң башкысы, ал коррупциядан алыс. Кезинде коррупциялык системанын өнүгүшүнө жол бербегени үчүн түрмөгө камалган. Ал ар дайым баардыгы эл үчүн болушун, Кыргызстан өнүккөн өлкөгө айланышын каалаган. Мен ага ишенем. Кудай буюрса, баары өзгөрөт... Мен Кыргызстанга кайтып келип, маданияттын өнүгүшүнө өз салымымды кошууга даярмын. Мен келечекке ишенем жана мекениме жардам берүүгө даярмын.