Александр Гусев: Кыргызстандын жаңы бийлиги Россиянын чоң колдоосуна ээ
28 декабрь 2020

Александр Гусев: Кыргызстандын жаңы бийлиги Россиянын чоң колдоосуна ээ

Эл аралык эксперт, саясий илимдердин доктору, профессор Александр Гусев «Кыргыз Элимге» 2020-жыл Россия менен Кыргызстандын мамилелери үчүн канчалык оор болгонун айтып берди. Анын белгилешинче, октябрдан кийин АКШнын постсоветтик мейкиндикте өз кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн өлкөнү пайдаланууга аракет кылган, бирок Бишкектин АКШдан алыстап кеткенине Москва кубанып турат. Ошол эле учурда, Гусевдин айтымында, Жээнбеков алсыз саясатчы болгон, кыргыз элитасы менен тил табыша алган эмес жана өлкөнүн жаңы бийлиги Россиянын чоң колдоосуна ээ.

Өткөн жыл эки тараптуу мамилелер үчүн канчалык оор болду?

Кыргызстан көптөгөн себептерден улам Россия үчүн маанилүү. Өлкөлөр ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШнын мүчөлөрү. Кыргызстанда Россиянын аскер базасы бар, бизди жалпы тарых, маданият ж.б. байланыштырып турат. Ошондуктан, Москва ар дайым Бишкекте болуп жаткан окуяларга тынчсызданат.

Жыл кыйла оор болду, буга коронавирус пандемиясы гана эмес, Кыргызстандагы саясий туруксуздук да себеп. Көйгөйлөр Россиянын ичиндеги кырдаалга дагы таасирин тийгизди: эмгек мигранттары мекенине кайтып келгенде, Россия жумушчулардын жетишсиздигин сезди. А Кыргызстан үчүн бул көйгөй олуттуу — анткени, мигранттар өлкөнүн ИДПсын 30% га өз акча которуулары менен толтурушкан.

Ошого карабастан, Кыргызстандагы саясий туруксуздук мезгилинин аяктаганы жакшы. Эгер кризис улана берсе, ал жарандык согушка чейин жетиши мүмкүн эле.

2021-жылы көп нерсе коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам болот. Мындан да жаман болбойт деп үмүттөнөм, бирок кескин жеңилдөө болот деп ишенүүгө болбойт. Биз жаңы шарттарда жашоону үйрөнүшүбүз керек. Ошол эле учурда, Кыргызстандын жаш өкмөтү Россиянын колдоосуна таянарын белгилей кетүү керек. Балким, бул колдоо ЕАЭБдин башка бардык өлкөлөрүнө караганда көбүрөөк көрсөтүлөт.

Октябрдын башындагы окуялардан кийин Кыргызстан АКШдан кыйла алыстаганы кубанычтуу. Анткени, жакында эле Вашингтон Кыргызстан Американын таянычы болот деп жарыялаган. Кытайдын таасиринен кутулуу бир топ кыйыныраак. Балким, орус тектүү адамдын премьер-министр болуп дайындалышын Москвага карата жасалган жаңсоо катары бааласа болот. Муну баалаш керек.

Жалпысынан, Кыргызстандын өкмөтүнүн позициясы өлкөнүн туруктуулукка умтулуп жатканынан кабар берет. Азыр республика өтө оор абалда экендиги айдан ачык, пандемия экономикага олуттуу сокку урду. Буга байланыштуу Россия Бишкекти колдошу керек.

Эмне үчүн АКШ трамплин катары Кыргызстанды тандады, эмне үчүн Казакстанды эмес, мисалы?

2017-жылы Дональд Трамп АКШ мурдагы СССРдин бардык өлкөлөрүндө өз аракеттерин күчөтөт деп жарыялаган. Мурунку жылдардагы саясий туруксуздукка байланыштуу Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулган. Ал жерде кызматташууга даяр адамдарды табуу оңой эле.

Сиздин оюңуз боюнча, эмне үчүн мурунку президент Сооронбай Жээнбеков бийликте кала алган жок?

Анын ишмердүүлүгүнө назар сала турган болсок, ал алсыз саясатчы болгон. Кыргызстанда кландык кагылышуу болуп келген. Алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек болчу, бирок Жээнбеков жасай алган жок. Ал өзүн алсыз менеджер жана сүйлөшүүчү катары көрсөттү, каталар ачык байкалды.

Кыргызстан үчүн башкаруунун кайсы формасы макул деп ойлойсуз?

Экономикасы төмөн жана мамлекеттик аппараты начар өлкөлөрдүн бардыгы президенттик республиканы кармашы керек деп ишенем. Өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн бир кишилик башкаруу керек. Бийлик бир колго топтолушу керек. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү мени менен тилектеш жана 10-январда туура чечим кабыл алышат деп ойлойм.