Юрий Московский: Россияга чет элдик жарандар керек
5 декабрь 2020

Юрий Московский: Россияга чет элдик жарандар керек

Быйыл жазында дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы, баары эле жоопкерчиликти өз мойнуна алууга жана башкаларга кам көрүүгө даяр эместигин көрсөттү. Өрнөктүү кишилер бар экенин да далилдеди. 5-декабрда белгиленүүчү Ыктыярчылар күнүндө Москва Өкмөтүнүн Улуттар Кеңешинин Миграция боюнча комиссиясынын төрагасы Юрий Московский «Кыргыз элимге» ыктыярчылар мигранттарга эң оор мезгилде кандайча жардам бергендиги жөнүндө айтып берди.

 

Пандемия «дүйнө жакшы адамдардан куру эмес» деген эски накыл кепти далилдеди, десек болобу?

Дал ошондой. Бул боорукер адамдар жумушунан айрылып, өтө оор турмуштук кырдаалда калган чет элдик жарандарга жардам беришти. Муктаж кишилердин айрымдары таптакыр акчасыз, жашаганга эч нерсесиз калышты. Эксперттердин эсеби боюнча, 30дан 50 миңге чейин чет элдиктер Москвада акчасыз жана жумушсуз калышкан — пандемия башталган учурда жалпысынан Россиянын борборунда 800 миңге жакын мигрант болгон. Ички иштер министрлигинин маалыматтары: май айында бизде Москвада 630 миң жумушчу иштеген, ал эми Россияда жалпысынан 2 миллион 300 миң адам болгон. Ошентип, диний уюмдар, укук коргоо органдары жардам уюштура баштады.

Эң кыйын нерсе «кимге жардам берүү керек?» суроого жооп табуу болду. Көрсө — муктаж болгондордун баарына көмөк керектиги айкын болду. Эгерде апрель айында биз баары бир аздан кийин бүтөт деп ойлосок, кийинчерээк бул узак убакытка созуларын аңдап билдик, биз жигердүү жардам беришибиз керектигин сездик.

Чет элдиктер арасында кылмыштуулук өскөнү тууралуу божомолдорду, ушактарды уктук. Көрсө — туура эмес экен. Тескерисинче, чет элдик жарандар арасында жана чет элдик жарандарга карата кылмыштуулуктун кескин төмөндөшү байкалды.

Кимге жардам берүүнү кантип тандадыңыз? Адамдар кантип жардам тапты?

Ооздон оозго өткөн маалыматтар, жарнамалар, социалдык тармактар аркылуу билдик. Эң башкысы, биз баардыгына жардам бере алдык. Бардык гуманитардык жардамдар коомдук уюмдардан келип жаткандыгын баса белгилейм, мамлекет эч кандай каражат бөлгөн жок. Бул, менин оюмча, өтө чоң ката болду. Аны эске алыш керек. Элге жардам керек, жардам берсе болмок.

Көйгөйлөрдүн кийинки этабы Россия Федерациясынын аймагынан чыгуу жолу ачылганда башталды — адамдар үйлөрүнө кайтууга мүмкүнчүлүк алышты, бирок аны ишке ашырууда мүшкүлдүк жаралды. Дагестанда Азербайжанга кетүүнү каалагандардын лагерлери пайда болду, аларга өз мамлекети уруксат берген жок. Азербайжан жана Борбор Азиядагы мамлекеттер чек араларын жаап коюшту. Чек аралар расмий түрдө жабылды, бирок эл үмүт менен кезек күтүп турушту. Бул жерде дагы жергиликтүү коомдук уюмдар жардамдашты: бир жерге убактылуу жашоого бөлмө бөлүп беришти, бир жерге баарына чатыр тигишти. Адамдар Кыргызстанга Казакстан аркылуу жөө жөнөштү!

Сиз адамдарга жардам берген улуттук коомдук уюмдарды айттыңыз. Мисалы, кайсылар? Бул ишке коомдук пикир лидерлеринин катышуусу маанилүүбү? Мисалы, Кыргызстанда Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова учурда ыктыярчыларга жигердүү жардам берип жатат — мындай мисал канчалык маанилүү?

Ооба, Кыргызстанда камкор адамдар бар, алар адамдарды кабыл алуу, бөлүштүрүү милдетин өз мойнуна алышты. Бул эң сонун тенденция. Бул мамлекеттин позициясы деп ойлойм. Эске салалы: эмне үчүн октябрь айында Кыргызстанда толкундоолор башталып, элдин нааразычылыгы тутанды? Адамдарда жумуш жок болгондо, жегенге эч нерсеси калбайт. Кыргызстандагы нааразычылык базасы — бул Орусиядан келген адамдар, бул жерде жашоонун жакшыраак сапатын көргөн. Эгерде бул кырдаал көзөмөлгө алынбаса, КМШ мамлекеттеринде оппозициялык маанайдын чыңдалышын алдын ала айта алабыз. Анын үстүнө, көпчүлүк учурларда, мамлекеттердин адамдарга жардам берүүгө күчү дагы, каражаты дагы бар экендигине ишенем. Болгону өз жарандарына жардамды жана колдоону күчөтүү каалоосу керек.

Орусияда калган мигранттардын келечеги кандай болот?

Мен бир нерсени айта алам: Россияга чет элдик жарандар керек. Мурун дагы, биз аларсыз эч нерсе кыла алган эмеспиз. Бирок анда Советтер Союзу бирдиктүү мамлекет болчу. Эми өзүбүздүн адамдар «келгиндер» болуп чыгышты. Чындыгында эч нерсе өзгөргөн жок. Москвада чет өлкөлүктөр жумушчу күчүнүн 7-8% түзөт. Коомдук тамактануу, турак жай-коммуналдык чарба, курулуш чөйрөсүндө иштешет... Бул жумуштарды эмнегедир орусиялыктар каалашпайт. Чет элдик жарандарсыз жасай алабызбы? Биз кыла алабыз, бирок бул алда канча натыйжасыз болот.

Ошондой эле Россиянын Президенти Владимир Путиндин 18-апрелдеги Пандемия учурунда чет өлкөлүк жарандардын Россия Федерациясында болушу жөнүндө жарлыгы кырдаалды сактап калгандыгын баса белгилеп кетким келет. Себеби бул жарлык болбогондо, жүз миңдеген адамдар мыйзамдык алкактан сырткары калышмак. Бул документ Россия чет элдик жарандарга муктаж экендигин көрсөттү.