Мугалим Динара Кийизбаева: «Россия Пушкин менен, Кыргызстан Айтматов менен сыймыктанат»
20 декабрь 2020

Мугалим Динара Кийизбаева: «Россия Пушкин менен, Кыргызстан Айтматов менен сыймыктанат»

Кыргызстандын улуттук тили — кыргыз тили, бирок орус тили, адабияты жана киносу республика үчүн бирдей болгон СССРдин 70 жылдык тарыхынын эсинен кетирүү мүмкүн эмес. «Чет өлкөлөрдөгү орус тили жана адабияты мугалимдеринин Пушкин сынагынын» жеңүүчүсү Динара Кийизбаева «Кыргыз Элим» порталына берген маегинде Пушкин менен Айтматовду кантип жанаша коёрун жана эмне үчүн советтик кинолодогу орус сабактарында колдонуларын айтып берди.

Орус тилинин азыркы Кыргызстан үчүн маанисин кандай баалайсыз?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орус тили олуттуу ролду ойнойт. Бардык чөйрөдө орус тилинде сүйлөшөт. Акыркы 10 жылдын ичинде бардык документтер улуттук тилге которулган, бирок орус тилин бардык жерде — саясатчыдан баштап, бала бакчанын кенже тайпасындагы балага чейин сүйлөшөт. Орус тили жергиликтүү калк арасында суроо-талапка ээ. Кыргыздар, кээ бирлеринен тышкары, жашоону орус тилисиз элестете алышпайт. Анткени, Интернеттеги маалыматтар орус тилинде жеткиликтүү, жаштарга өз ойлорун орус тилинде жеткирүү оңой. Жалпысынан алганда: акылдуу адам Пушкиндин тилин билиши керек!

Кеп күнүмдүк жашоодогу баарлашуу жөнүндө болуп жатабы?

Кесиптештерим компетенттүү сүйлөп гана тим болбостон, жаза билгендерди да сыйлашат. Алар бүгүнкү күндө филологдорго сабаттуу муунду тарбиялоо кандай кыйын экендигин түшүнүшөт. «Советтик мүнөз» интеллигенциясы орус тилинде өтө сабаттуу жазат. Жаштар билдирүүлөрдө жөнөкөй гана сөздөрдү кандай каталар менен жазганын көргөндө кейишет. Орфография начарлап баратат. Кесиптештер орус тилин үйрөнүүгө туура убакыт бөлүү керек деген идеяны колдошот.

Мектептердеги абал кандай?

Окуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде дагы окуучулар орус тилинде сүйлөшүп, короодо, социалдык тармактарда баарлашып турушат. Чакан шаарлардын жашоочулары, орус тилин өздөштүрүү канчалык оор болбосун, жок дегенде кеңири тараган сөз айкаштарын билгенге аракет кылышат. Борбор калаага окууга келген студенттер орус тили курстарына барышат. Алар орус тили бийиктикке жетүүгө жардам берерин түшүнүшөт. Ошондуктан, мен орус тилинин келечегине ишенем! Мектепте иштеп жүргөн кезимде, балдарды окутууда теориялык материалдарды кургак мисалдар менен гана окутпаш керек экендигин түшүндүм, айрыкча, негизги окутуу тили кыргыз тилинде жүргөн мектептерде. Оюн техникасын колдонуу, турмуштук кырдаалдарды чагылдыруу, орус ырчыларынын ырларын аткаруу өтө маанилүү. Орус тили сабагында кыргызча сөздөрдү колдонгондорго «жазана» катары тамашалуу тапшырмаларды жана башкаларды колдонуу керек. Мен совет киносунан мүмкүн болушунча көп цитата келтирүүгө аракет кылам: ал балдарды кызыктырат, Интернетте чукуп башташат жана фильмдерди ылдамдык менен тапканга аракет кылышат. Ошол эле учурда алар фильмдердин сюжети менен таанышышат. Кайсы гана мектеп болбосун, жумасына жок дегенде бир жолу орус тили окутулат. Бирок бул, албетте, жетишсиз.

Адабиятты изилдөө жөнүндө эмне айта аласыз?

Орус тили окутулган мектепте адатта адабият сүйүктүү сабактардын бири болуп саналат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектепте орус жазуучуларынын чыгармаларын тааныштыруу мугалимден көз каранды. Эгерде мугалим адабиятты сүйсө, анда ал балдардын чыгармаларды окуп, талдап чыгуусу үчүн бардыгын жасайт. Мисалы, мен орус адабиятын чындап сүйөм. Ошондуктан, предметтик жуманын ичинде мен сөзсүз түрдө Александр Сергеевич Пушкиндин чыгармачылыгына өзгөчө орун берем — балдар жыл сайын билимин толукташат, 4-5 жашынан баштап чыгармачылыгы менен таанышып башташат. Ар бир бала Александр Сергеевичтин жок дегенде 2-3 жомогун билет.

Кыргызстандын өзүнүн улуу жазуучусу бар — Чыңгыз Айтматов. Жакында өзүнүн туулган күнү болду. Ага карата мамиле кандай?

Россия Пушкин менен, Кыргызстан Айтматов менен сыймыктанат. Алар жөнүндө канчалык көп айтсак, алар жаш муунга ошончолук жакын. Бирок алар жөнүндө жөн гана сүйлөшүү жетиштүү эмес: сүйүү менен, мазмундуу, сабаттуу сүйлөө керек. Окуучу бул улуу адамдар жөнүндө «кожо көрсүнгө» айтып жатканыбызды сезсе, демек, ал жазуучулардын чыгармачылыгына кызыгуусун жоготуп гана тим болбой, мындай мугалимге болгон сый-урматын да жоготот. Демек, жазуучу өзүнүн изин сактап калышы керек. Мен үчүн Пушкин атындагы сынактын лауреаты наамын коргоо маселеси абдан маанилүү. Пушкин менен Айтматовду сүйлөгөн жана талдаган адам күн сайын өзүнүн үстүндө иштеши керек. Бул генийлер бизге канча цитата калтырышты?.. Филолог бул жазуучуларды сүйүп, жаштар менен өз билимин бөлүшүшү керек: конкурстарды, көргөзмөлөрдү, презентацияларды, адабий кечелерди уюштурганы абзел... Мугалимде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар.