16 октябрь 2021

Евгения Шепелева: Бактылуу өмүр – биринчи кезекте анын сизде бар экендигине чын дилден жана чексиз ыраазы болуу.

Бизнес-психолог Евгения Шепелева Россиянын, Борбор Азиянын, КМШнын ири компанияларынын жетекчилерине кеңеш берет. Анын кызматы арзан эмес, сыйакылары миллион долларга чейин жетет. Арийне, Евгениянын автордук ыкмасы компанияларга кирешени 5-10 эсе көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Евгения Шепелева Плеханов университетин, Жогорку экономика мектебин, Клиникалык психология жана психотерапия институтун аяктаган. Нейромаркетинг боюнча ишкер башкаруу магистри (МВА) даражасына ээ болгон. Белгилүү компанияларда (алардын ичинде “Мечель”, “Связной” ӨАК ж.б.) иштеген. Дүйнөнүн 30 өлкөсүндө кардарлар менен иштеген эл аралык стартапты жетектөөнүн ийгиликтүү тажрыйбасына ээ.

– Евгения, психолог катары сизге көбүнчө кандай суроолор менен кайрылышат?

– Бизнесмендерди көбүнчө таза кирешени кантип көбөйтүү керек деген маселе кызыктырат. Мен өз кардарларыма мындай кылууга эмне тоскоолдук болуп жаткандыгын түшүндүрүүгө жардамдашам. Адатта бул адамдын энергетикасына байланыштуу. Адам көп учурда өзүнүн болгон күч-кубатын бизнеске сарптайт. Бардык маселени чечем деп соругат, натыйжада бизнестин өнүгүүсү токтоп калат. Менин милдетим өз энергиясын таза киреше алууга багыттоо боюнча жетекчиге жардам берүү.

– Бизнес кожоюндары сизге кайрылган учурда алгачкы кадамды эмнеден баштайсыз. Ушундай жаш айымга үмүт артууга аларды эмне мажбурлап жатат?

– Өзүнүн чабал жактарын көрсөтүүдөн корккон адамдар жогорку натыйжаларга жетише алышпайт. Алар ар дайым жынысына жана курагына карабастан кеңешчилерден кемчилик издешет. Менин кардарларым максималдуу ачык, натыйжада алардын эки, үч, беш эсе көп киреше алышууда, жакынкы мезгилде он эсеге жетет. Аларга менин жаш курагым эмес, натыйжа маанилүү. Ошондуктан алар мага келип: “Жакшы натыйжага жетиш үчүн сен кандай айтсаң баарына даярмын” дешет. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн алар бир жарым жыл аралыгында ай сайын 30 сааттан жумуш аткарышат. Бул жумуш кандай уюштурулат? Маселен, мага кардар келип бир жарым жыл ичинде кирешени үч эсе көбөйтүүнү каалап жаткандыгын айтат. Мен ал адам менен маектешип ага жетишүү үчүн конкреттүү кандай иштерди жасагандыгын сурайм. Ал кандай жол менен таза киреше алгысы келет?

Андан соң мен анын финансылык отчетторун анализдейм – менде жана менин кызматкерлеримде бул үчүн тиешелүү билимдерибиз бар. Биз кайсы продуктылар киреше берип жаткандыгын, кирешелер менен чыгашалардын айрымасын (маржиналдуулугун) жана башка жактарын карайбыз. Андан сырткары, бизнестин географиясын изилдейбиз, кызматкерлер жөнүндө маалыматтарды алып алардын кайтарымдарын баалайбыз, продуктылар жөнүндө ой-пикирлерди окуйбуз. Андан кийин компаниянын менеджерлери менен баарлашабыз. Ушундан соң гана терең психологиялык иш башталат – ал ар бир учурда индивидуалдуу. Баса, Кыргызстандын бизнесмендери ар кандай тартынбас эксперименттерге барууга алда канча даяр келишет. Аларда башка көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй тарткынчыктоо жок.

– Сиз кандайдыр бир конкреттүү кейстер жөнүндө айталасызбы?

– Ооба, борбор азиялык бир курулуш компаниясынын жетекчиси айына 3 миллион сомдон киреше алып турчу экен, жарым жылдан кийин ал аны эки эсе көбөйтүүгө жетишти. Мага жардам сурап кайрылган учурда ал өзүн бир кысыкта калгандай сезип, эки жылдан бери кирешесин көбөйтө албай жаткандыгын айткан. Көрсө анын энергиясынын көбү аялы менен байланышкан көйгөйлөргө кетип жаткан экен. Жубайы менен жеке жана сексуалдык мамилелерин терең талдап чыккандан кийин анда жаңы күч жана жигер пайда болду. Бул адамда “Мен эң кыйынмын” деген ынаным болгон экен жана өзүнүн бул даражасын далилдөөгө ашкере көп акчаларды чачып келген. Ошол эле учурда кандайдыр бир саясий коллапстын айынан чоң акчаларынан ажырап калбаймынбы деген коркуу сезимдери менен шылуундук жагы бири-бирин коштоп турган. Башка бир кейс ден-соолукту чыңдоочу борборлордун тармагына байланыштуу. Алардын кожойкеси 3,5 млн. рубль өлчөмүндө киреше алып келсе, сегиз ай иштешүүдөн кийин кирешеси 11 млн. рублга жетти. Бизнес-айым буга чейин өзүн коёрго жер таппай, эмоционалдык көйгөйгө кабылган. Жашагысы келбей, өз жанын кыюу туралуу көп ойлонгон. Ал аял өзүнүн көңүл ачуусун жолго салып, балалык таарынычтарын эстен чыгарган соң баары өзгөрдү. Кооптонуусуна карабастан бизнести башкаруу тизгинин башкага тапшыргандан кийин жеке кирешесин кыйла көбөйтө алды.

– Өзүңүздүн автордук ыкмаңыз тууралуу айтып бериңизчи.

– Менин ыкмамдын маңызы мындай: адамдын жашоосун ар тараптан изилдейм, ал кайсы жагынан канааттануу алып, өзүн чыныгы бактылуу сезээрин, кайсыл чөйрө ага күч-кубат тартуулап, кирешесин көбөйтүү маселесине канчалык кайтарым берип жаткандыгын талдайм. Көп учурда жашоосунун кайсыл бир жактары аны канааттандырбайт, андыктан энергия адам өзүн бактысыз сезген чөйрөгө агылып кетет. Менин милдетим адамдын энергиясы кайда кетип жаткандыгын түшүнүү жана аны ишке пайдасы тийгидей багыттоо.

– Энергиянын агып кетиши деген эмне?

– Бул эми адам бар көңүлүн өз жашоосунда ыраазы болбогон чөйрөгө байлап алып, өзүнө эмне жакпай жаткандыгын гана ойлоп калган учур. Бирок,  ойлоно берген менен тыянактуу чечим чыгара албайт.

– Эмне үчүн Кыргызстанда, дегеле  жалпы Борбор Азияда инновациялык компаниялар аз жана бул жагдайды өзгөрүүгө болобу?

– “Кыргыз IT- компаниясы” деген сөз күлкү келтирет. Кыргызстан мисалы Түштүк Корея сыяктуу инновациялык өлкө боло алабы?

– Биринчи кезекте мен кыргыз бизнесмендеринин көңүлүн иштеги кайтарымдуулук жөндөмгө ээ болууга бурат элем. Тапшырманы так аныктоо үчүн аларды алдаганча майдалоо зарыл. Балким, кимдир бирөөгө билим жетишпейт, бирөөлөр жөн эле жалкоо. Инновациялуу экономиканы куруу үчүн рынокто тиешелүү тармактар боюнча билими бар адистердин болушу абзел. Азырынча Кыргызстанда мындай адистер аз.

Арийне, азыр эле чоң өсүштөрдү көрсөтүүгө болоор багыттар бар. Биринчи кезекте бул – ички жана тышкы туризмди өнүктүрүү. Кыргыздар дүйнөдөгү эң меймандос элдердин бири. Сиздердин өлкөдө туристтик инфраструктурага салым кылуу өзүн тез эле актайт.

– Кийинки суроо социалдык психология жаатынан. Кыргызстанда төңкөрүштөр тез-тез кайталанат, натыйжада ар бир жолу алардан кийин өлкө артка кетет. Биздин өлкөнүн эволюциялык жолго түшүүсүнө эмне жолтоо болууда?

– Мен кыргыздарга зор урмат менен мамиле кылам. Аларда Россия үчүн мүнөздүү болбогон ички эркиндик бар. Мен чын дилимден сиздердин өлкөнүн ырааттуу жана жаңжалдарсыз өнүгүүсүн каалайм. Биринчи кезекте кеп көйгөй өлкө элитасынын акылына байланыштуу болуп жатат.

– Бул эмне болгон көйгөй?

– Бир катар каражатка кыймылсыз мүлктөргө, компанияларга ээлик кылган адамдар бар. Менин көз карашымда Кыргызстандын алдыга жылуусу үчүн дал ошол адамдардын акылында төңкөрүш жасоо зарыл. Алар жумушчу орундарын түзүүлөрү карапайым адамдарга кам көрүүлөрү, өз бизнестеринде изилдөө департаменттерин уюштуруулары жана инновацияларды киргизүү керек. Андайлар азыр аз. Бирок, бул убактылуу маселе экендигине ишенем.

– Кыргызстандагы иштериңиз жөнүндө айтып берсеңиз.

– Кыргызстан менен мени көп жылдык достук  байланыштырып турат. Бул жактагы биринчи кардарларым искусство өкүлдөрү жана белгилүү блогерлер болушкан. Мен алардын жеке жашоолорун жана кесиптик ишмердиктерин жакшыртууга жардамдашкам. Мисалы, Бишкекте маданият ишмерлери катышкан тренингдерди өткөрдүм. Кардарларымдын көпчүлүгү менин жакшы досторум болуп калышты. Бул Айпери “Айпоша” Куржунбаева, Айжан Осомбаева жана башкалар.

– Кыргыздардын менталитетиндеги өзгөчөлүк эмнеде? Орустар же европалыктарга караганда биз менен иштешүү жеңилби же татаалбы?

– Кыргызстанга биринчи жолу келгенимде бул жердин ажайып табияты суктандырган. Кышында биз тоодо жашадык, ал жакта абдан кооз экен. Кардарларым мени белек-бечкектер менен көмүп салышты. Алар менен чын дилден баарлаштык. Мага абдан эле кам көрүшүп, көңүл буруп жатышты, мен дагы аларга ошондой жооп кайтарууга аракет жасадым. Россияда жөн эле сүйлөшкүсү келген адамдар көп. Кыргыздар жашоого эпчил келишет. Алар алган билимдерин иш жүзүндө колдоно алышат. Мисалы, менин тренингдеримдин бири үч күнгө созулган. Биринчи эле берген маалыматымды кечинде колдонуу менен бардык катышуучулар жакшы натыйжаларга ээ болушкан! Мен маалыматты аларга ылайыкташтырып же жөнөкөйлөштүргөн эмесмин. Сиздердин өлкөнүн элитасы эсептелген кыргыздар ыкчам ой жүгүртүү менен өзгөчөлөнүшөт.

Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу бир нече иш-чараны жылдырууга туура келди. Бирок, жакын арада кайрадан Бишкекке жана башка шаарларга барам деген үмүтүм бар.

– Кандай терс жагдайлар кыргыздардын көп миллиардуу бизнес жасоосуна тоскоолдук жаратууда?

– Көйгөйлөрдүн көбү жакырчылыкта өткөн балалык менен байланыштуу, өксүк ошол кезде жаралган. Алар адамдын эрезеге жеткен курагында да таасирин тийгизет. Бул биринчи кезекте алдардын өз байлыгы менен мактануусуна себепчи болот. Кээде бул апатияга кабылтып адамдын жашоого болгон табитин жоготуп, ал ар кандай “оор күнөөлөргө” батат, баңгизат менен ичимдикке берилет. Сыртынан караганда анда бардыгы бар сыяктуу, бирок ал турмушта өз ордун таба албайт.

Кыргыздар – намыскөй эл. Алардын көбү жакыр болуу уят деп эсептешет. Акыл калчанбай туңгуюкка кептелген эмоциялар негативдүү кесепеттерге алып келет. Адам көп учурда байлыкка көзү тойбой, өзүн жарадар жырткычтай сезет.

Дагы бир кейиштүү көрүнүш. Эркектер өз аялдарына көп учурда зөөкүр мамиле жасашат. Аялдар ызаларын балдарынан чыгарышат. Ал эми балдары чоңойгондо бардык аялдардан өч алышат. Ушул бир эле көйгөй муундан-муунга берилип келет.

– Сиз жеке өзүңүз кыргыз эли үчүн эмне жасай аласыз?

– Мен саясий чөйрөнүн өкүлдөрү, ири компаниялардын кожоюндары болгон адамдар менен иштешип, аларга ички буктардан арылууга жана ой жүгүртүүнү өзгөртүүгө жардам бергим келет. Ошондо кийинки муун көп сандаган терс көз караштардан эркин, адамдар алдаганча бактылуу болушат.

– Бул бүткүл өлкөнүн жашоосун кандай өзгөртө алат?

– Эгерде адамдын көңүлү ооруп турса, ал кызматкерлерге жасаган мамилесинен байкалат. Бирок, эгерде адам ички эркиндикке ээ жана өзүн бактылуу сезсе, анда ал болгон күч-аракетин өз өлкөсүнүн инновациялык өнүгүүсүнө жумшайт, изденет. Карапайып адамдардын жашоосун жакшыртуу жөнүндө ойлонот.

– Сиз адатта кыргыз бизнесмендери менен иштешүүнү эмнеден баштайсыз? Айталы, ири корпорациянын башчысы сизге кайрылууну чечти, андан ары кандай аракеттер болот?

– Бардыгы чечилүүчү маселенин деңгээлине, жасала турган жумуштардын көлөмүнө жараша болот. Психологиялык кеңеш берүү боюнча баасы бир миллион доллардан ашып турган долбоорлор бар, өз тармактары боюнча лидер болууга ниеттенген инновациялык, өнүгүп жаткан компаниялар үчүн да продуктылар бар.

Мен негизинен эки багыт боюнча иштейм. Биринчиси, лидер менен тикелей иштешү. Биз анын жашоосунун бардык чөйрөсүн камтыйбыз. Балалык өксүктөрүнөн арылтып, аны эркин жана ишке жөндөмдүү кылабыз. Экинчиси, жалпы компания менен иштешебиз. Бул бүткүл топ-менеджментке кеңеш берүү болушу мүмкүн, айрым учурда катардагы кызматкердлер менен да баарлашыбыз. Мындай иштин милдети – амбициялуу максаттарга жана алдыга жылууга бөгөт болгон бардык тоскоолдуктарды жок кылуу. Натыйжада кызматкерлерде өлкөнүн эле эмес, бүткүл дүйнөнүн масштабында жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү үчүн жигер жана каалоо пайда болот.

– Жумуш ар убак көзмө-көз жүргүзүлөбү?

– Компания ээлери менен ошондой. Москвада же Бишкекте орус тилинде өтөт. Топ-менеджерлер менен жарым-жартылай онлайн-форматта жүргүзлөт. Ош жана башка аймактардагы ийгиликтүү бизнесмендердин көбү орус тилин жетиштүү деңгээлде биле беришпейт, мындай учурларда сессияларга котормочу тартылат.

– Бардыгы келип эле психологиялык көйгөйлөргө кептелеби? Кыргызстан азыр Россия 90-жылдарда өткөн көйгөйлөргө дуушар болууда. Бу жөн эле таңууланган коркунучтар эмес, баштан кечирүүгө туура келип жаткан турмуш чындыгы. Бийликтин алмашуусу рейдердик баскынчылык, бизнести тартып алуу аракеттери сыяктуу тобокелдиктер сакталып турган чакта кантип беймарал жана ишенимдүү иштөөгө болот?

– Эртеңки күнгө ишенич жок турбулентүүлүк жогору болуп турган мезгилде дал ушул психологиялык иш жана ийкемдүүлүк, стресске туруктуу болуу жана сергек ой жүгүртүү, ар кандай кырдаалдардан пайда табуу сыяктуу сапаттар абдан күчтүү жардам берет.

Стартапчылар деген категория бар – булар өз долбоорлору менен иштеген адамдар. Убагында мен 30 өлкөдө өнүккөн долбоордун жетекчиси болдум. Саат 8ден кечки 23кө чейин иштечүмүн. Эртең менен Азия, кечинде Латын Америкасы менен сүйлөшүүгө туура келчү. Турбуленттүүлүк дегенди мен абдан жакшы билем. Мээнин тиешелүү бөлүгүн,  ички туюмдун күчүн өнүктүрүү керек. Бардык форс-мажорлордун жакшы жактарын табуу зарыл.

– Сиздин кызмат үчүн төлөөгө акчасы жок жаш ишкерлер эмне кылышы керек. Алардын психологиялык абалын туррукташтыруу үчүн бирин-экин кеңеш бере аласызбы? Психологдун жардамы жок эле адам өз өксүктөрүнөн арыла алышы мүмкүнбү?

– Албетте мүмкүн. Биринчи кезекте сиз аман-эсен, алты саныңыз бүтүн дем алып жаткан болсоңуз – бул сиздин абдан жолдуу экендигиңизди билдирет. Бактылуу өмүр биринчи кезекте сизде бар экендигине чын дилден жана чексиз ыраазы болууга негизденет. Эгерде сиздин жакындарыңыз болсо бул кош олжо, сиз жашоодо абдан жолдуусуз! Жаратканга ыраазы болушуңуз керек! Материалдык байлыктын жана жеке жыргалдын артынан кубалап жүрүп биз көп учурда өз үй-бүлөбүз жөнүндө унутабыз. Кайгыга батып, үмүт үзүлгөн жагдайга кептелебиз. Эмне үчүн ыраазы болуу керектигин эсепсиз санай берүүгө болот. Бардык жагдайларда бактылуу боло турган чечим кабыл алуу керек. Мен өз тажрыйбамдан улам кандай болгон күндө да бардык окуяларга туура мамиле жасоо керектигин түшүндүм.

Кантип бактысыз болосуң? Бул эң эле жөнөкөй. Өкмөттү, адамдарды, экономикалык кырдаалды, кошуналарды, күйөөңдү, балдарыңды сындоо керек. Башка жолу да бар. Сиз баарына каниет кылуу менен мындай кырдаалда өз жашооңузду жолго коюуну ойлонсоңуз болот.

– Көп учурда адамдар бизнесте, өз карьерасын өнүктүрүү боюнча кызыктуу нерселерди ойлоп табышат, бирок эмнегедир алар ишке ашпайт. Кандайдыр бир түрткүнчөк жетишпейт...

– Сиз азыр психолог катары менин кызматтарымды колдонуунун негизги айдынын белгиледиңиз. Чынында жогорку ийгиликтерге жетише ала турган талантуу адамдар абдан арбын. Ички күчтүн жана жигердин жоктугунан алар ишти аягына чыгарышпайт. Менин милдетим – адамда ички жигерди түзүү, аны өз мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүчү жана алар менен максатка бирге жетүүчү жардамчылар менен курчоо.

Менин бир таанышым жети жолку бизнесинен жолу болбогонун айтып берди эле. Бирок, анын азыркы компаниясы жыл сайын 150 млн. рубль киреше алып келет. Ар бир адамдын максаты – токтобой ар убак алдыга умтулуу керек. Апатиябыздан арылуу, тартипке көңүл буруу менен биз абдан көп нерселерге жетишсек болот.

– Кыргызстандын көп сандаган таланттуу адамдары башка өлкөлөрдө, биринчи кезекте Россияда иштеп жүрүшөт. Мындайча айтканда, биздин өлкө көп нерседен кол жууп жатат...

– Бул жагдайга башкача караса болот. Башка өлкөлөрдө иштөө адамдын тажрыйбасын абдан байытат. Өз өлкөсүнө кайтып келүү менен ал алган билимдери менен тажрыйбаларын Мекендин жыргалчылыгына пайдалана алат.

Өлкө бийлиги таланттуу жаштардын Кыргызстанда иштөөгө кызыгуусун арттырган экономикалык программаларды түзүүсү кажет. Бул кайрадан эле биз жогоруда сөз кылган лидерлердин ой жүгүртүүсү менен байланышкан маселе.

Маектешкен Канатбек МУРЗАХАЛИЛОВ.

Булак: «Жетиген» журналы