Дарыгер Гүлшан Долонбаева: «Адамдар каери ооруганын эне тилинде түшүндүргүсү келет»
26 ноябрь 2020

Дарыгер Гүлшан Долонбаева: «Адамдар каери ооруганын эне тилинде түшүндүргүсү келет»

Гүлшан Долонбаева 2006-жылдан бери Екатеринбург шаарында жашайт. Келишим боюнча дарыгер болуп иштөө үчүн кетип, ошол жакта калган. 2019-жылдан бери — жергиликтүү диаспоранын башчысы. «Кыргыз Элимдин» кабарчысы менен болгон маегинде Гүлшан экинчи муунда мигранттардын балдары кандайча түп-тамырынан өзгөрүп жаткандыгын жана үй-бүлөлүүлөр үчүн Москвага караганда Екатеринбург эмне үчүн ыңгайлуу экендигин айтып берди.

Гүлшан, учурда Екатеринбург шаарында Кыргызстандан канча адам жашайт?

Туруктуу негизде — 30 миңге жакын мигрант. Алар буга чейин отурукташып, жашап, иштеп, үй-бүлө кургандар. Ошондой эле мезгилдүү толкундар бар — жайында, эреже катары, жумуш көп, адамдар келишет. Бул болжол менен 50 000 болуп калат. Мындай статистиканы бажы кызматкерлери беришет.

Екатеринбургда мигранттарды кызыктырган негизги пункттар барбы?

Екатеринбург арзан турак жай менен өзүнө тартып турат. Квартира сатып алуу, аны ижарага алуу Москвага караганда арзаныраак. Бул жерде үй-бүлө менен, балдар менен жашоо үчүн абдан жакшы шарт бар; баланы бакчага жайгаштыруу кыйын эмес.

Сиз билген мигранттардын көпчүлүгү билим менен иштешеби?

Негизинен, 2005-2011-жылдары Россияда жарандык алуу оңой болгон учурда, бул жакка көптөгөн дарыгерлер көчүп келишкен. Бирок жалпысынан бул жерде, Свердлов районунда жана Екатеринбург шаарында мигранттардын 10% гана кесиби боюнча иштешет. Негизги пайыз, тилекке каршы, бош орундар бар жерде эмгектенишет — мисалы, тазалоо компаниясында. Муну медайымдар же мугалимдер жасап жатканы абдан кейиштүү.

Көпчүлүк ыңгайлуу болгондуктан үй-бүлөсү менен көчүп кетишеби?

Ооба, статистика деле көрсөткөндөй, адамдар негизинен Москвага акча табуу үчүн бир-бирден барышат, а бул жакка үй-бүлөлөрү менен көчүп кетишет. Жакында бизде Энелер күнү болот, сурамжылоо жүргүзүп, диаспорабыздан 50дөн ашуун аял 5тен ашык балалуу экендигин билдик! Эң негизгиси, алар ушул жерде, Екатеринбургда төрөшкөн — балким, мекенинде бир балалуу болгондон соң бул жака келишкен.

Сиздин оюңуз боюнча, Екатеринбургда чоңойгон балдар орустарга жакынбы же үй-бүлөдө алардын каада-салтын сакташабы?

Жаман жана жакшы жагы бар. Экинчи муунда көйгөй бар. Мен өз балдарымды көрүп отуруп деле баа бере алам: экинчи балам 6 айлык болгондо көчүп келгенбиз, азыр ал 14 жашта. Эне тилди билүү, биздин каада-салтыбыз, кыргыз менталитети жөнүндө — ушул жагынан биз экинчи муунду жоготуп жатабыз. Бул жерде төрөлгөн балдар баарлашуусу, айлана-чөйрөсү жана мамилеси боюнча орустарга көбүрөөк окшош. Бул өкүнүчтүү.

Үй-бүлөңүздө орусча сүйлөшөсүңөрбү же кыргызчабы?

Орусча сүйлөшөбүз. Бирок, мен кыргызча гана сүйлөшкөн үй-бүлөлөрдү билем, алар балдары менен дээрлик сүйлөшпөйт, эртең менен жумушка, 2 кезмет менен кетип, балдарын көрбөйт деле.

Диаспоранын төрагасы болуп келгенимде, бир жылдан ашык убакыт мурун, орун басарым менен бирге мигранттар жашаган райондун бардык мектептерине баргам. Бир мектепте 728 баланын ичинен 340 кыргыз баласы бар, окуучулардын жарымынан көбүн түзөт. Алар менен бат-баттан баарлашып, концерт уюштуруп, мектеп директору менен тыгыз байланышып турабыз. Алар балдар менен иштешүү керектигин айтышат. Анткени балдарын эртең менен гана көргөн энелер бар, алардын убактысы жок — батирге акча табуу, 5 баланын баарына азык-түлүк камдоо керек. Бул жакка үй-бүлөлөр көчүп келгенде, көйгөйлөр да көбөйөт. Андыктан, көп балалууларга каралган жеңилдиктер менен жарандык алууга аракет жасашат.

Сиз мигранттар районунун мектептери деп айттыңыз. Екатеринбургда мигранттардын өзүнчө району пайда болгонбу?

Жок, өзүнчө эмес. Железнодорожный району бар, Орджоникидзе району бар, ал жакта мигранттар көбүрөөк. Бир гана биздикилер эмес, Азия, Орто Азия, Вьетнам, Кытай, Азербайжан, Кавказ, Армян, Молдовандар ... Таганский ири базары бар, ал Сибирди жана бүт түндүктү толугу менен камсыз кылат, соода жүгүртүүсү ушул жерден чыгат. Базар жайгашкандыктан, ал жер мигранттар аймагы деп аталат.

Балдарга кыргыз тилинен кошумча сабактар ​​уюштурулбайбы?

Азырынча уюштурула элек, бизде Железнодорожный районундагы мектеп жана билим берүү бөлүмү менен меморандум бар, бирок ал долбоорду эч ишке ашыра албай жатабыз. Былтыр кышта башталышы керек эле, пандемияга байланыштуу баары кечигип жатат. Биз кыргыз маданий борборун ачабыз, анда комуз, тил, Манас таануу сабактарын окуйбуз.

Балдар азыр Ата мекенинде болуп жаткан окуялардан кабардарбы же буга кызыкдар болбой калыштыбы?

Көп кызыгышпайт. Мигранттардын биринчи мууну, 40 жаштан өткөндөр гана саясатка кызыгышат. Жаш өткөн сайын сиз түшүнө баштайсыз: биз ал жерде жашадык, мекенибиздин даамын билебиз, биз үчүн мунун баары кымбат ... А балдар бул жакта төрөлүштү, өсүштү, алар үчүн мекен — Россия. Жада калса балдар өзүлөрүнүн кыргыз экенинен уялганын көрдүм. Казакпыз дешет. Эмнеге мындай экенин билбейм, сураган жокмун, бирок жагымсыз болду.

Санкт-Петербургда жана Москвада мигранттар үчүн атайын клиникалар ачылууда, мисалы, төрөт үйлөрү, стоматология. Екатеринбургда кандай?

Екатеринбург шаарында 2014-жылдан бери медициналык борборго лицензия алдык. Бул социалдык долбоор, кызматтар шаардын орточо көрсөткүчүнөн кыйла арзан: УЗИ — 800 рубль, кабыл алуу — 500 рубль. Кээде биздин дарыгерлер бекер кызмат кылышат, себеби адамдарда акча жок, бара турган жери жок. Алар тез жардам чакырышат — эч ким келбейт.

Алардын жарандыгы жана полиси болсо дагы, биздин борборлорго кайрылышат, анткени аларга өз тилинде эмне тынчсыздандырарын түшүндүрүп берүү оңой, ыңгайлуу. Бизде 2014-жылдан бери кош бойлуу аялдарды тейлеп келе жаткан медициналык борбор бар, алар үй-бүлөнү пландаштыруу үчүн каттоодо турушат, бул жерде педиатр кабыл алат.

Екатеринбургга жаңы келип, төрөй тургандар жана бул жерде көптөн бери жүргөндөр үчүн салттар боюнча айырмачылыктар барбы?

Көбүнчө жаш үй-бүлөлөр, кыздар 18-19, кыздар 20дан ашканда үй-бүлө куруп, той өткөрүшөт, анткени ата-энесинин бири ушул жерде. Көпчүлүк учурларда, алар өз мекенинде үйлөнүп, дароо ушул жерге көчүп кетишет. Эч ким аларга келүүнүн негизги максаты жумуш экенин, жок дегенде бир-эки жыл коргонуу керектигин түшүндүрбөйт. Бул тууралуу алар менен эч ким сүйлөшпөйт. Үйдө бул темага тыюу салынган, ооздон чыккан сөз гана иштейт: бир нерсе ичсе болот дешет ... Аял гинекологго кайрылса дагы, эң жакшы дегенде спираль салат. Бул чындыгында олуттуу көйгөй. Мындай үй-бүлөлөр түйүлдүктү алдырууга да келишет. Биз алар менен жарым саат отурабыз, лекция окуйбуз, психолог кабыл алат, каалоосунан баш тарттырып, каттоого алабыз.

Сиздин жердештериңиз кандай көйгөйлөр менен көп кайрылышат?

Көп маселелер чечиле элек. Биринчи кезекте, документтештирүүдөгү көйгөйлөр. Адамдар башка паспорттор менен чек арадан өтүп, андан кийин жасалма каттоолорду жасай башташат, анткени арзаныраак, эч жакка барып, кезекке туруунун кажети жок. Каттоо жасалма — демек, бардык көйгөйлөр ушундан башталат. Анын арты менен балдар үчүн да документтер жасалма болот. Былтыр сентябрда чоң көйгөй болгон, мектепке жасалма каттоодогу балдарды киргизе башташкан. Директорлор тийиштуү буйруктун негизинде мындай жагдайда аларды дароо тийиштүү органдарга өткөрүп беришет. Мындан тышкары, балдардын медициналык картасы да көйгөй болуп саналат, Кыргызстанда да жок, бул жакта жок, эмдөө планы дал келбейт. Бул жерден алар карталарды да жасай башташат, мыйзамсыз, жасалма документ кылчу адамдарды издешет. Бул дароо байкалат. Кимдир бирөө үйүндө жазып, 3000 рублга биздин мигранттарга сатып акча жасайт.

Ошондуктан агартууга басым жасап, мигранттарга баарын түшүндүрүп бересиңерби?

Ооба, азыр биздин штатта эл аралык уюм эмгек акысын төлөгөн юрист бар, июнь айынан бери ал бекер консультация берип жатат. Мекемелерде иштеген мекендештер бар, азыр пенсияда,алар да кеңеш беришет. Адамдарга түшүндүрүү маанилүү: бардыгы башынан эле мыйзамга ылайык жасалышы керек. Азыр адвокат бар, ал кеңеш берет, телефон күнү-түнү, бардык суроолор боюнча жеткиликтүү. Административдик укук бузуулар, миграциялык мыйзам бузуулар — баарына кеңеш алса болот. Бардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары менен байланышыбыз бар. Эгер биздикилерден бирөө полицияга түшсө, а дегенде бизге байланышат. Юрист келип түшүндүрүп берет.