Исабек Тажибаев: «Ар бир кыргызда мекенге кусалык сезими бар»
16 ноябрь 2020

Исабек Тажибаев: «Ар бир кыргызда мекенге кусалык сезими бар»

Россияда иштеп, Ата Мекенине барып үй сатып алуу же Москвада биротоло жашап калуу сыяктуу эки анжы пикир ар бир кыргыз мигрантынын көөдөнүн өйүйт. Негизгиси, ар бир кадамды ойлонуп басуу керек. Россияда 2003-жылдан бери жашап келаткан Исабек Тажибаев кыргыз диаспорасы анын көз алдында кантип өзгөрүп баратканына такай байкоо салат.

Москвада канча убакыттан бери жашайсыз?

2003-жылдан бери, 17 жыл болду. Алгач Москвага өзүм жалгыз келгенмин. Кийинчерээк үй-бүлөмдү алып келдим. Азыр баарыбыз ушул жердебиз, көнүп калдык.

Андай болсо, 2003-жылдан бери мигранттардын жашоо динамикасы бул жакта кандай өзгөргөнүн байкап жүрсөңүз керек. Ыңгайлуу болуп калдыбы? 

А дегенде мигранттар ар кандай болорун эске алалы. Адам бөтөн өлкөгө иштөө үчүн бет алганда конкреттүү максаттарды алдыга коёт — үй сатып алуу, үй куруу, автоунаа сатып алуу жана башка. Же болбосо, башка өлкөгө калыптанууну максат кылат. Айрымдар иштегени келип, акча таап, кайра кетүүнү эле ойлойт. Кээ биринин ойлору ишке ашпайт: бир жыл келет, эч нерсе өзгөрбөйт, окшобойт, экинчи жылы ошондой болот. Акыр аягында алдыга катуу максат коёт, ушинтип отуруп жашоо уланат.

Иштеген акчасына мекенинде үй сатып алууну каалагандардын арасында ал максаты ишке ашкандан соң, кайра Москвага келип, бул жакта эле калып калууну көздөгөндөр бар десек болобу?

Ооба, бирок мигранттын баары эле иштеп, байып, сонун жашап калды дегенге болбойт. Кимдир бирөө келет, кайра кетет. Мага окшогондор жылдар бою иштей берет, мекенине каникулда же эмгек өрүү алганда гана барат.

Балдар Москвадагы мектептерге кантип көнүшөт?

Менин балдарымда билим алууга байланыштуу көйгөй жаралган эмес. Алар Кыргызстанда деле орус мектепте окушкан. Албетте, биз жакта орус тилин бул жактагыдай кеңири программада окутпайт.

Сиздин оюңузча, Москвадагы кыргыздарды көбүрөөк эмне түйшүккө салат?

Негизинен, убактылуу каттоого туруу. Ишке орношуу жаатындагы документтер бир аз жеңилдеди, бул — Кыргызстандын ЕВРАЗЭСке мүчө болгонунун түшүмү.

Жумуш издеп келгендерди көпчүлүк иш берүүчүлөр жакшы тосуп алышат, айрымдары документи жок болсо да ишке алат, андай учурда расмий келишим түзүлбөйт. Бирок дал ушул нерсе тынчсыздандырат. Адам бейрасмий ишке орноштубу, айлык албай калуу, социалдык төлөмгө байланыштуу көйгөйлөрдүн жаралуу тобокелчилиги өтө жогору. Анүстүнө мигранттардын баары эле укугун биле беришпейт. Кээде полиция кызматкери мигрантты жолдон тосуп коркутуп койсо, өзүн мыйзам чегинде коргой албайт, себеби аны билбейт.

Сиз өзүңүз кандай иштеп жатасыз?

Мен башка бир катар мекендештерим сыяктуу такси айдап, акча табам. Сизге жакшы маалым, чет элдик айдоочулук күбөлүгү менен ишке алышпайт, мындан улам Россиянын күбөлүгүн алуу үчүн көпчүлүк кайра окуп, сынак тапшырат. Менимче, бул туура. Бирок документи жок иштеп жүргөндөр да бар, бул туура эмес.

Мигранттардын билим деңгээлин, көз карашын өркүндөтүү үчүн эмне кылуу керек? Укуктарын билбейт деп атпайсызбы.

Кепти мындай улантайынчы, Москвада 80ге жакын кыргыз диаспоралары бар. Облустук, райондук, айылдык, маданий, спорттук диаспоралар бар экенин билем. Бизде жердешчилик түшүнүгү өнүккөн. Ошондуктан диаспоралар көп. Биз бири бирибизге башка оор иш түшкөндө жардам беребиз. Диаспора жердештердин башын бириктирет. Бул өтө жакшы. Ар кандай маселе жаралат, бирөө ооруп калат, бирөө иш издейт, бирөөнү жумуштан айдап жиберет, кимдир кайтыш болот... Дайыма жардам керек. Мен да диаспора менен иштешип, жетектеп да калгам, бул тармакты өтө жакшы билемин.

Балким адамдарга жардам берген учурлардан айтып берерсиз?

Бизде «Жүк-200гө» байланыштуу маселе чоң көйгөй болгон. Беш-алты жыл мурун Москвада көзү өткөн кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү өтө татаал иш болчу. Азыр маселе жеңилдеди.

Кантип?

Ынтымакташып акча чогултабыз. Мисалы, райондук даиспора деп коёлу, бирөө-жарым каза болуп калса, дароо башкаларды кабардар кылат. Акча чогултуп, сөөктү үйүнө жөнөтүү маселесине жумшайбыз. Документтерди толтурабыз. Мамлекеттен эч кандай жардам күтпөйбүз, элчиликтен да, миграция кызматынан да көмөк сурабайбыз.

Кыргызстандагы окуяларга назар салып турасыңарбы?

Албетте. Менимче, ар бир кыргызстандык мигрантта мекенине болгон кусалык бар. Ар бир окуяга байкоо салып, кээде кейип, кээде кубанам.

Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгы өтө маанилүү. Эки мамлекетти эки башка караганга болбойт. Россия — күчтүү мамлекет, а Кыргызстан көп багытта Россиядан көз каранды. Кыргызстан — чакан мамлекет, кедей. Бир тууган өлкө катары Россияга ишеним артабыз.

Кыргызстандан Россияга мигранттардын агымын азайтуу мүмкүнбү? Эгер ал жакта жумуш орундары түзүлсө.

Миграция тарыхта дайыма болгон, менимче аны токтотуп коюу кыйын маселе. Бардык элдер көчүп-конуп иштешет. Азыр Москванын өзүндө эле миллиондой кыргыз бар экени бир аз башаламандай сезилет. Бул маселени чечүү үчүн мекенде иш орундарын түзүү, завод-фабрикаларды куруу, жумуш үчүн жакшы шарттарды түзүү жана жакшы айлык акы төлөө зарыл. Балким акырындап бул да ишке ашып калар.