Арсен Үсөнов: Кыргызстандыктардын көпчүлүгү президенттик республиканы колдошот
3 январь 2021

Арсен Үсөнов: Кыргызстандыктардын көпчүлүгү президенттик республиканы колдошот

Саясат таануучу Арсен Үсөнов «Кыргыз Элим» басылмасына берген маегинде кыргызстандыктар ким жана эмне үчүн добуш берүүгө даяр экендиги жөнүндө ой бөлүштү. Анын айтымында, башкы маселе, мамлекеттин жашоочулары акыр-аягы кандай башкаруу формасын тандайт деген маселе эмес, жаңы мамлекет башчы жана анын командасы канчалык жоопкерчиликтүү жана кесипкөй болот.

Сиздин оюңузча, учурда Садыр Жапаров коомдо канчалык популярдуулукка ээ жана эмне үчүн башка президенттикке талапкерлер шайлоо өнөктүгүнүн активдүүлүгүндө андан кем калып жатышкандай?

Сурамжылоолорго караганда, Садыр Жапаровдун рейтинги азыр башка талапкерлерге караганда жогору. Айрым маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын аягында шайлоочулардын 30% жакыны, ал эми калгандары үчүн эң көп дегенде 10% добуш берүүгө даяр болушкан. Балким, анын атаандаштары мүмкүнчүлүктөрүнө акылдуулук менен баа беришсе керек. Алар азыр үгүт иштерине каражат бөлсө дагы, жарыштын лидеринен озуп кетүү мүмкүн болбой калат. Мындан тышкары, анын президенттин милдетин аткаруучу болгону да маанилүү ролду ойнойт. Ошол эле учурда Садыр Жапаров үчүнчү революциянын толкуну менен келип, мурунку бийликке каршы чыккандардын көпчүлүгү эми аны колдой тургандыктарын билдиришти.

Анын шайлоочулары талапкерден эмнелерди күтүп жатышат?

Революциялык окуялар маалында саясатчылар көп учурда эң жогорку үмүттү канааттандырууга аракет кылышат. Жапаров да андан четте калган жок. Ал айлык акыларды көтөрөм, пенсияларды көтөрөм, Кыргызстанды бай мамлекет кылам, коррупция менен, бийликтеги олигархтар менен күрөшөм ж.б. убадаларды берүүдө. Көпчүлүк адамдар Садыр Жапаровду шайланса, керемет болот деп ишенишет. Бийлик берген убадаларын канчалык деңгээлде аткара алаары башка маселе, анткени бир нерсени айтуу башка, аны аткаруу башка. Мында Жапаров катуу аракет кылышы керек болот.

Жээнбековдун бийликтен кулатылышы жана андан ары саясий сахнадан кетиши канчалык күтүүсүз болду?

Жалпысынан, көптөгөн эксперттер мындай окуяларды алдын-ала божомолдошкон, бирок мынчалык жакын арада болот деп күтүшкөн эмес. Коомдо күчтүү оппозициялык маанай пайда болду.

Биринчиден, Кыргызстанда коррупционер Райымбек Матраимовду кармоо аракети болгон жок. Ал аткезчилик менен алектенип, журналисттер анын 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кыргызстандан 700 миллион доллар чыгарып кеткенин аныкташкан.

Экинчиден, коронавирус пандемиясы бийликтин рейтингине сокку урду. Өлкө жетекчилиги мындай көйгөйгө туруштук берүүгө даяр эместигин көрсөттү. Маселен, коронавирусунан көп сандаган өлүмү катталган «Кара июль» маалында депутаттар каникулга кетүүнү чечишти.

Үчүнчүдөн, бул эң маанилүү фактор! — Парламенттик шайлоодо эки партия жеңишке жетишти, алардын бирин Жээнбековдун бир тууганы жетектесе, экинчиси Матраимовго байланыштуу: «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан». Бул чыдамкайлыктын акыркы тамчысы болчу. Парламентке өтпөй калган партиялар (анын ичинде Садыр Жапаровдун «Мекенчил» партиясы) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты. Ошол эле учурда, алар ошондой эле кырдаал ушунчалыкка жетет деп күткөн эмес. Бирок бардыгы шайлоочуларды же сатып алышканын же административдик ресурстарды колдонуп «кантип добуш берүүгө үндөшкөнүн» билишкен.

Октябрдын башындагы окуялардын катышуучулары Жапаровду өздөрүнүн президенти деп эсептешеби?

Айрымдар Жапаровду колдоп, аны өзүнүн президенти катары көрүшөт. «Садыр — президент» деген ураан менен жазылган баннерлер илинип турат. Бирок Жапаровго каршы чыккандар дагы бар, алар парламенттик республиканы колдошот. Жалпысынан, президенттикке талапкерлердин көпчүлүгү Жапаровго каршы болуп, анын бошотулушунун мыйзамсыздыгын жүйөө катары келтирүүдө. Алардын белгилешинче, анын соттуулугу бар, президенттин милдетин аткарып жатып, талапкер болууга укугу жок болчу ж.б.у.с. Теледебаттарда алар бири-бири менен талашпай, тескерисинче аны сындап жатышат.

А Жапаровдун тарапташтары эмне дейт?

Алар аны баатыр, кыйноого кабылган адам катары кабыл алышат. Алардын айтымында, аны мыйзамсыз түрмөгө отургузушкан, алтын кендери мамлекетке таандык деп кантип үгүттөгөнүн дайыма эсетешет. Анын бийлиги ушуга негизделген.

Президенттик шайлоодон тышкары, башкаруу формасы боюнча референдум болот. Сиздин оюңузча, кыргызстандыктар парламенттик республиканы тандашабы же президенттиктиби?

Алдын ала сурамжылоолорго караганда, салыштырмалуу көпчүлүк, 50% бир аз ашыгы, президенттик башкаруу формасына добуш беришет. Талаш-тартыштар бар. Кимдир бирөө президенттик күчтүү жоопкерчиликти каалашат, башкалары парламенттикке ыкташат. Эки тараптын тең өз жүйөлөрү бар. Парламенттик башкарууну колдогондор «биз 4 президент менен жашадык, бизде эч качан парламенттик башкаруу формасы болгон эмес, бардык президенттер жоопкерчиликсиз жана ар дайым бийликти узурпациялоого аракет кылышат» деп айтышат. Ошондуктан, алар толугу менен башкаруунун парламенттик формасына өтүүнү сунушташууда. Жогорку Кеңештин азыркы курамы өзүн өтө жоопкерчиликсиз деп көрсөткөндүгү менен президенттикти талашкандар чечимди парламент кабыл алат, бирок эч ким эч нерсе үчүн жооптуу эместигин айтышат. Ошондуктан, баардыгына жооптуу бир адам керек дешет, президент институтун чыңдоону сунушташат. Эки тараптын тең кескин аргументтери бар.

Президенттик шайлоо учурундагыдай эле бир тараптуу бөлүштүрүлөбү?

Жапаровдун тарапташтары анын президенттик республикага өтүү демилгесин колдошот. Бирок анын каршылаштары дагы ушундай эле турумда. Ырас, ошол эле учурда, алар бизди президентти диктаторго айландыруудан коргой турган кепилденген президенттик бийликке каршы тизгиндей жана тең салмактуулук тутуму болушун каалашат.

Эгерде азыр референдумда президенттик республика тандалса, анда Кыргызстандын жашоосунда кандай өзгөрүүлөрдү күтсө болот?

Менин оюмча, сапаттык өзгөрүүлөр болбойт, анткени Кыргызстан башкаруунун аралаш формасында да, супер-президенттик башкарууда да жашап келген... Көп нерсе башкаруу формасына эмес, президенттин инсандык сапатына жана анын командасынын сапатына байланыштуу болот. Эгерде алар өлкөнүн саясий жана экономикалык маселелерин чече алышса, анда бул бир кырдаал, эгерде алар ишке ашпай калса, анда ал таптакыр башка окуя болот...