Мадина Саттар: Өкмөт мигранттардын көйгөйлөрүн билүүгө тийиш
29 ноябрь 2020

Мадина Саттар: Өкмөт мигранттардын көйгөйлөрүн билүүгө тийиш

Жүз миңдеген кыргыздар өз мекенинен сыртта жашашат. Көпчүлүгү иштегени кетип, жаңы жерде бир топ көйгөйлөргө туш болушат, бирок дайыма Кыргызстанды эстешет, анын тагдырына тынчсызданып, ага жардам берүүгө аракет кылышат. Supara.ru жаңылыктар порталынын негиздөөчүсү Мадина Саттар Россияда кыргыздар көп кездешкен көйгөйлөр жана диаспоранын потенциалын мекендин жыргалчылыгы үчүн кантип колдонсо болору жөнүндө айтып берди.

Мадина, Россияда кыргыздар көбүнчө кандай көйгөйлөргө көп туш болушат?

Көбүнчө укуктук жана юридикалык көйгөйлөр. Азыр маселе пандемияда, бардыгы үйгө кетүүнү же бул жака келүүнү каалашат, дагы кимдир бирөө ооруп жатат. Укуктук көйгөйлөр өтө терең мүнөзгө ээ, анткени көпчүлүгү туура эмес документтерди жасашат, элчиликке кайрылышпайт же каттоону, эмгек келишимдерин туура эмес жасашат.

Кыйынчылык жаралса, алар элчиликке же миграция кызматына кайрылышат, эгерде маселенин чечими болсо, баары жардам беришет, эгер чечими болбосо, кала берет. Ушул кезге чейин мекендештер келишимдерге жана каттоого олуттуу мамиле жасашкан жок. Камалып калгандар менен да маселе бар. Орус тилин билбегендиктен, айрымдар протоколдорго окубай, түшүнбөй эле кол коюшат, балким, бул алардын кылмышы эмес, алданышат. Москвада биздин Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү бар, анткени ага суроо-талап чоң. Чукул көйгөйлөр көп, кыргыздар жардамга муктаж.

Элчилик жана миграция кызматтары натыйжалуу иштейби, арыздар менен кайрылуулардын агымына туруштук бере алабы?

Жок, алар толугу менен туруштук бере албай жатышат, анткени өтүнүчтөр көп. Буга чейин көпчүлүк элчиликтин кайда экендигин деле билишкен эмес, бири-биринен сурап, кезекке туруп жүрүшкөн. Көпчүлүк дагы деле кайда эмне жайгашкандыгын билишпейт, ушул себептен биз ушундай биздин мекендештерибизге, айрыкча элчиликтен жана Ички иштер министрлигинен келген маалыматты көзөмөлдөө үчүн соцтармакта баракча жана контент түздүк. Бардык топторго, телеграмма каналдарга жаңы маалыматтарды таркатабыз.

Кыргыздар бири-бири менен байланышып турушабы? Канчалык активдүү?

Эң активдүүлөрү — Москвадагы кыргыздар. Расмий түрдө, пандемияга чейин эле, алар өзүлөрү негизинен Москва жана Москва аймактарында коомдук уюмдарды түзүп, каттоодон өткөрүшөт. Ошондой эле, алар маалыматтарды чогултушат жана жардамга муктаждар тууралуу кабарлашат. Тез арада абдан тыгыз жардам беришет. Кыйынчылыктар тез чечилет.

Пандемияда биздин мамлекет Россиядагы кыргыздар үчүн 10 миң бөлүп берген, бирок бул алар үчүн өтө эле аз. Бардык коомдук уюмдар жардам беришти жана жардамга кошулушту.

Мекениңиздеги окуяларга назар салып турасызбы?

Мен Москвада 12 жылдан бери жүрөм, бирок өз мекенимде болуп жаткан окуяларга ар дайым байкоо салам. Эгерде мекенге байланыштуу кандайдыр бир тиешелүү маалыматтар болсо, анда сөзсүз түрдө өз баракчаларыбызда же каналыбызда бөлүшөбүз.

Октябрь айынын башындагы парламенттик шайлоого байланыштуу окуяларды диаспоралар кандай кабыл алышты?

Ата-Журттан сыртта жүргөндө, анын кадырын аябай билесин. Шайлоо алдында деле Россиядагы кыргыздар аралыктан добуш берүүнү уюштурууну сунушташкан, анткени эмгек мигранттарынын шайлоо участогуна келиши кыйын. Көпчүлүгү жумуштан бошотулган жок. Мындан тышкары, жайында Россияда дистанциялык добуш берүү болгон, эмне үчүн биз дагы ошондой кыла алган жокпуз? Кыргыз бийлиги баш тарткан, бул бизди аябай капалантты. Туура, бир катар партиялар шайлоодо абийирсиз жол менен жеңип чыкканы белгилүү болгондо, Москвадагы кыргыздар да ачууланып жатышты.

Мигрант катары мен дагы баары түйшүктүү деп айта алам, бирок журналист катары айтарым, бул көйгөйдү чечиш керек. Ар бир адамдын колунда смартфон бар, убакыттан уттурбай, онлайн добуш берүүнү камсыздаса болот.

Кыргыз бийлиги мигранттардын Россияга жана Түркияга келүү шарттарын карап, аны жеңилдетиши мүмкүнбү?

Муну жасаса болот. Айрым мигранттардын платформалары, программалары бар, алар менен кызматташууга болот. Бийлик мигранттардын көйгөйлөрүн билүүгө тийиш, аларга жардам берүүгө кызыкдар болуп, ачык иштеши керек. Чет жерде чыгармачыл жана таланттуу кыргыздар көп, аларга дагы иштөөгө мүмкүнчүлүк бериш кажет. Европада, Америкада окуган кыргыздар бар, аларды дагы Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштөөгө чакырыш керек. Бизди кубандырган нерсе — бийликтин алмашканы, биздин үнүбүз угулат деп ишенебиз.