Гунтрам Кайзер: Кыргызстандагы шайлоо бир тур менен өтөт
1 декабрь 2020

Гунтрам Кайзер: Кыргызстандагы шайлоо бир тур менен өтөт

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт. Мурунку дипломат, Берлинде жайгашкан KaiserCommunication PR агенттигинин башчысы, постсоветтик мейкиндиктеги саясий процесстер боюнча белгилүү эксперт Гунтрам Кайзер шайлоо жараянынан эмнени күтсө болору, жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн экендиги тууралуу ой бөлүштү. Анын маегин «Вечерний Бишкек» басылмасы жарыялаган.

Кайзер мырза, бул жолу 65 жаран Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришти, айрымдары жарыштан чыгып кетишти. Сиздин оюңузча, алардын канчасынын аты-жөнү бюллетенге жазылат?

Беш-алты талапкер чыныгы күрөшкө жетет. Ошол эле учурда, кыргыз тажрыйбасы көрсөткөндөй, бардыгы биринчи айлампада аяктайт окшойт, бул жерде күтүлбөгөн нерселерди күтүш кыйын.

Жеңүүчүнүн атын айта аласызбы?

Жок! Бирок сурамжылоонун маалыматтарын өзүңүз карасаңыз болот. Шайлоого жакын калганда, аныктала элек адамдардын саны азыраак болот, көптөгөн шайлоочулар жарыштын так лидерине ишеним артышат.

Шайлоодо утуп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон талапкерлерге ага катышуу кандай дем-күч берет?

Көп себептер болушу мүмкүн. Айрымдар жөн гана көңүлдү өзүнө бурушат же шайлоодон кийин жогорку кызматты ээлөөгө жардам берет деп күтүшөт. Кимдир бирөө коомго маанилүү социалдык көйгөйдү чечүү үчүн кырдаалдан пайдаланууга аракет кылып жатат — талапкердин статусу ар кандай темада ачык сүйлөөгө жана медиа колдоосун алууга мүмкүнчүлүк берет.

Башка өлкөлөрдө айрым талапкерлер саясий талап-тоноочулардын ролун аткарышат, бирок Кыргызстан бул жагынан шайлоону чынчыл жана ачык-айкын өткөрөт, мындай тажрыйба кеңири жайылган эмес.

Бул шайлоодо кара технологияны канчалык деңгээлде колдонулат деп ойлдойсуз?

Бул шайлоолор этика жагынан идеалдуу өтөөрү күмөн. Республикада кыш суук болушу күтүлүүдө, ошондуктан айыл жериндеги шайлоочуларга көмүр менен пара берүү «салттуу» аракеттери четке кагылбайт.

Астротурфинг — соцтармактагы этикага жатпаган аракеттерди күтсө болот. Ошол эле учурда, ак ниет эмес адамдар көбүнчө талапкердин жактоочусу болуп көрүнүп, өзүн агрессивдүү алып жүрүшөт жана анын атынан оппоненттерин коркутушат. Ушундан кийин талапкер «бот фабрикаларын» түзгөн жана башка шайлоонун катышуучуларына кысым көрсөткөн деп айыпталат.

Бул шайлоого россиялык жана америкалык саясий стратегдердин катыштыгы бар деген кептер тарады ...

Таң калыштуу эч нерсе жок. Постсоветтик мейкиндикте Россия, АКШ жана Улуу Британиянын PR адистери көп тартылат. Бул өлкөлөрдө саясий консультациялардын мыкты мектеби калыптанган, ал эми КМШ өлкөлөрүндөгү адистердин квалификациясында азырынча анчалык тажрыйба жок.

Ал эми технологдордун кимиси кесипкөй?

Америкалыктар элди коомдук иш-чараларга активдештирүүдө бир топ жакшы, орустар адатта чыгармачыл жана социалдык тармактар ​​менен, жалпыга маалымдоо каражаттары менен жакшы иштешет, британдыктар талапкердин имиджин түзүүдө эң ынанымдуу. Бирок бардыгы конкреттүү технологго жана биринчи кезекте талапкердин өзүнө байланыштуу.

Башка мамлекеттер биздин шайлоого кийлигишпейби?

АКШ, Россия, Кытай, Казакстан же башка мамлекеттер сиздин шайлоого расмий кийлигишүүсү күмөн. Албетте, өлкөлөрдүн ар бири тигил же бул талапкерге жан тартат, бирок ачык кийлигишүү болбойт. Анын үстүнө, кыргыз эли буга жол бербөө үчүн акылдуу.

Карапайым шайлоочуга кандай кеңеш бере аласыз?

Негативден абстракциялаганга аракет кылыңыз, социалдык тармактарда уруш-талашка барбаңыз. Шайлоо башка адамдарды таарынтканга себеп болбойт. Талапкерлердин программаларын кунт коюп окуп чыгыңыз, бул акылдуулук менен тандоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Албетте, келип добуш бериңиз. 10-январда адамдар өз пикирин канчалык көп билдиришсе, шайлоодон кийин өлкөдөгү абал ошончолук туруктуу болот.