Москва Мамлекетти Университетинин профессору Галина Сорина: Курултай идеясы Кыргызстан үчүн жемиштүү!
2 декабрь 2020

Москва Мамлекетти Университетинин профессору Галина Сорина: Курултай идеясы Кыргызстан үчүн жемиштүү!

Акыркы апталарда кыргызстандыктар өлкөнүн келечегин, реформалардын зарылчылыгын жана Конституциянын жаңыланышын кызуу талкуулап жатышат. ММУнун профессору, философия илимдеринин доктору, М. В. Ломоносов атындагы ММУнун философия факультетинин чечимдерди кабыл алуу маселелери боюнча Илимий Билим берүү Борборунун (НОЦ) илимий жетекчиси Г. В. Сорина эксклюзивдүү интервьюсунда пикир бөлүштү.

Галина Вениаминовна, Кыргызстанда революциялар беш жыл сайын болуп турат. Ар бир революциядан кийин кылмыш иштери көбөйүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү катуу жабыркайт. Философ катары айтсаңыз, октябрдагы революция акыркы болуп, өлкө акырындык менен өнүгүп кетүүсү үчүн болочок президент жана жарандар эмне кылуулары керек?

Менин оюмча, албетте, философтун дагы, саясатчынын дагы баардык доорго туура келген кандайдыр бир рецепти жок. Ошол эле кезекте, менин көз карашымда, 18 кылымда эле революциянын макамына болгон коомдун көз карашын немецтин улуу философу И. Кант белгилеп кеткен. Ал «Эл агартуу деген эмне?-суроосуна жооп» аттуу жумушунда төмөндөгүчө жазган, революциянын жардамы менен бир гана жеке деспотизмди жоюуга мүмкүн, революция ой жүгүртүүнүн реформасына алып келбейт, көпчүлүктү жаңы калыс эмес түшүнүктөр башкарат, Кант аларды «ойлонулбаган, ою жок» деп атаган. Кант кырдаалдан чыгуу жолун «Эл агартуудан» көргөн, ал эми эл агартуунун маанилүү элементи бул билим берүү системасы болуп саналат. Менин оюмча бул «рецепт» азыркы заманда да актуалдуулугун жоготкон жок. Тескерисинче, Кыргызстан үчүн абдан маанилүү, анткени калкынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт (өлкөнүн ар бир үчүнчү жараны эрезеге жете электер).

Билим берүү системасы аркылуу гана элди, ою жок «толпаны», өлкөнү өнүктүрүүгө кызыктар жарандарга айлантса болот.

Баса, «Эл агартуу» тууралуу дал ушул ой, азыркы замандын шартында да 21-кылымда, окумуштуулар жана коомдук ишмерлердин башын бириктирген «Рим клубу» аттуу үлкөн эл аралык коомдук уюмдун докладында айтылганына көңүлүңүздөрдү бургум келет. Алар билим берүүнү бүтүндөй цивилизациянын туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарты катары көрүшөт. Демек, туруктуу прогрессивдүү өнүгүүнүн бул куралы Кыргызстанга да бирдей деңгээлде тиешелүү.

Президенттикке талапкерлердин бири Курултайды негизги кеңеш берүүчү орган катары киргизүүнү сунуштады. Жылына бир жолу баардык ргеиондордун өкүлдөрү- миңден ашуун адам чогулуп, өлкө үчүн эң маанилүү маселелер боюнча өз чечимдерин чыгарышы керек. Бул идея сиздин көз карашыңыз боюнча канчалык деңгээлде ийгиликтүү? Кабыл алынган чечимдер өлкө үчүн пайдалуу болушу үчүн мындай жыйындарды кантип жөнгө салса болот?

Сиздин сурооңуз дароо эки суроону камтыйт экен. Алгач мен биринчи суроого жооп берейин. Менимче бул идея жемиштүү. Бир тараптан, ай астында жаңы эч нерсе жок дегендей эле кеп. Курултай түрк элдеринин тарыхында эзелтеден эле демократиялык башкаруу системасынын чечим кабыл алуудагы негизги куралы болуп келген. Экинчи тараптан- менин көз карашымда, Курултай менен римдиктердин форумунун окшоштуктарын байкаса болот. Экөө тең, узак тарыхы бар салттуу, демократиялык башкаруу системасынын органдары болуп келген.

Дагы бир жагынан, азыркы замандын шартында бул органдын статусун дароо аныктап алуу өтө маанилүү. Эгер мен туура түшүнсөм, бул идея Курултайды мамлекеттин эмес, жарандык коомдун эң маанилүү, негизги куралы деп эсептөөгө багытталган. Бул учурда, Курултайды чечим кабыл алуучу курал катары түзүү, жарандык коомдун башка түзүмдөрү да иштеп жаткандыгын болжолдойт. Жарандык коомдун түзүмдөрүнүн эффективдүү иштешинин бир эле мисалын келтирсем. Бул мисал согуштан кийинки Германиянын өнүгүү тарыхынан, көптөгөн тарыхчы жана экономисттердин пикиринде Германиянын тез калыбына келиши «немец керемети» мамлекеттик деңгээлдеги маселелердин чечилишине таасир этип турган жарандык коом, ар түркүн уюмдар, германиялык өндүрүшчүлөрүнүн жыйыны сыяктуу уюмдарга байланыштуу болгон.

Мен ойлойм, өз кезегинде Кыргызстанда дагы ар кандай тармактардын кесипкөй адистеринен куралган бирикмелер жарандык коомдун элементтерин түзүп Курултайга өз өкүлдөрүн катыштыра алышат. Бул ар кандай: маданияттын өкүлдөрүнөн түзүлгөн бирикме болушу мүмкүн, илимий, билим берүүчү союздар, жана башка бирикмелер. Менимче, илим жана билим берүү кызматташуусундагы көйгөйлөр биринчи кезекте М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети менен кызматташууну камтыса болот. Бул дүйнөдөгү эң мыкты университеттердин бири, буга чейин илим жана билимдин өнүгүшүндө бийик тилкеге жетип келген, мындан кийин дагы ошол бийиктикти кармайт деп ишендире алам.

Кыргызстанда дагы башка совет чөлкөмүндөгү өлкөлөрдөгүдөй эле ММУнун бүтүрүүчүлөрү көп. Баса, мени менен бир курста улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу окуган.

Эми экинчи суроо боюнча: Курултайда кабыл алынган чечимдер өлкө үчүн пайдалуу болуш үчүн жыйындарды кантип жөнгө салса болот?

Көп жылдар аралыгында чечимдерди кабыл алуунун теориясынын үстүндө иштеген жана чечимдерди кабыл алууга катышкан адам катары мен төмөндөгүдөй варианттарды сунуштайт элем.

Эгерде биз, Курултай жалпысынан жарандык коомдун маанилүү жана татаал түзүмү экендигине таянсак, анда менимче алгач бул уюмдун ички түзүмдөрүн жүргүзүү (мисалга, департамент же башкача атаса болот) анын өзүнчө багыттарын жүргүзүү дайыма жалпы Курултайдын регламенти менен дал келиши мүмкүн болгон өз регламенти менен иш алып барган коомдук уюмдар.

Мындай курамдагы бөлүктөрдүн жумуштарынын натыйжалары Курултайдын бир жылдык жыйындарына чыгарылса болот. Ушундан улам, Курултайдын модерациясы жалпысынан анын айрым бөлүктөрүнүн модерациясына бөлүнүп кетет жана жылдык жыйындын модерациясы мамлекет менен тыгыз кызматташтыкты жүргүзсө болот. Мындай учурда жолугушууну жөнгө салуу маселеси кадимки мамлекеттик деңгээлдеги чоң жыйынды уюштуруунун жөнөкөй көйгөйлөрүнө айланат деп ойлойм.

Шайлоо учурунда Кыргызстандын жарандары чоң көлөмдөгү негативдүү маалыматтарга туш болушат. Сынчыл ой жүгүртүүнү кантип жоготпоого мүмкүн? Маалыматтык гигиена боюнча бир нече кеңештериңизди бериңизчи.

Мага сиздин сурооңуздун формасы абдан жакты. «Маалыматтык гигиена» — бул, мен ойлойм көйгөйдүн туура аталышы. Жана бул гигиенаны сактоо инструменти да менин оюмча туура тандалган. Чындыгында сынчыл ой жүгүртүү өзүнөн өзү эле бериле бербейт. Аны калыптандыруу керек. Калыптандыруунун жолу, албетте билим берүү системасында жатат. Сынчыл ой жүгүртүү деген адам сунушталган нерсени мүлдөй кабыл албай, мисалга, ЖМКлар сунуштаган маалыматты дароо баарын кабыл ала бербей, алынган маалыматтка өз алдынча анализ жасашы керек дегенди түшүндүрөт.

Сиздерге кандай гана таң калыштуу болбосун, бирок сынчыл ой жүгүртүүнү калыптандырууну мектептен эмес, бала бакчадан баштоо зарыл. Ошол жактан эле суроону алдын ала терең ойлонуп анан узатууну адатка айлантуу менен жана маектешинин же кандайдыр бир маалыматтык ресурстун маалыматты жеткирүү үчүн колдонгон сөздөрүнө кунт коюу менен мамиле жасоону калыптандыруу керек. Окуу процесстеринде бала бакчадан баштап эле сынчыл ой жүгүртүүгө үйрөтүү философиялык курстарда сунушталат. Бул багыт биздин факультетте жигердүү иштелип жатат. Батышта «Балдар үчүн философия» деп аталган көптөгөн китептер бар.

Албетте, сынчыл ой жүгуртүү боюнча негизги, фундаменталдык курстар университетте окутулат. Мен негизинен, ММУнун студенттери үчүн окутулчу ошондой курстун авторумун. Белгилей кетсем, ММУнун философия факультетинин «Философиялык-усулдук долбоорлоо жана чечимдерди кабыл алуу» Илимий Билим берүү Борбору сынчыл ой жүгүртүү жана чечимдерди кабыл алуу курстарын ар кандай тармактарга, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөргө өтүү боюнча да мол тажрыйбага ээ. Мисалы, бизде Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аудиторлоруна окуу курсун өтүү боюнча уникалдуу тажрыйбабыз болгон. Ал курстан өткөндүгүн тастыктоочу сертификатты аудиторлорго ММУнун ректору В. А. Садовничий өз колу менен тапшырган. Илимий-окутуу Борборунун жана жеке менин Башкортостан Республикасынын мамлекеттик түзүмдөрүнө окуу курсун өтүү тажрыйбам бар, дагы мисалдарды келтирсек болот. Негизи-мындай тажрыйбаларыбыз арбын.

Мен ойлойм, Россия менен Кыргызстан ортосундагы буга чейин болуп, кийин үзүлүп калган көптөгөн илимий жана билим берүү жаатындагы кызматташтыктарды дароо шайлоодон кийин кайра жандандырсак туура болмок. Менимче, бул шайлоодон кийин өлкө жетекчилеринин жол картасындагы актуалдуу суроолорунун бири боло алат. Мурдагыдай эле ММУ менен илимий, билим берүү маселеси боюнча карым катнаш ушул күн тартибинде маанилүү бойдон калууда. Өзгөчө, философия факультетинин Илимий Билим берүү Борбору Москва университетинин башка факультеттери менен биргеликте кызматташууга өбөлгө түзүүгө даяр.