Россия Кыргызстандан куруучу жана тигүүчүлөрдүн келишин күтөт
22 ноябрь 2020

Россия Кыргызстандан куруучу жана тигүүчүлөрдүн келишин күтөт

Россиянын эмгек рыногу кыргызстандык куруучуларга жана тигүүчүлөргө муктаж. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов билдирди.

Курулуш компанияларына жумушчулар керек: объектилерде жумушчу күчү жетишсиз, бригадирлер дагы керек. Тигүүчүлөргө муктаждык чоң, Москванын көптөгөн компаниялары биздин адис кыз-келиндер гана эмес, тигүү тармагында иштеген эркектерди дагы жумушка алууга кызыкдар. Ошондой эле, курьерлер жана айдоочулар дагы керек» , - деди ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "COVID пандемиясы учурундагы Россиядагы кыргызстандыктардын көйгөйлөрү жөнүндөгү онлайн брифингде билдирди.

Байшеновдун айтымында, алардын өкүлчүлүгү жана элчилик жумушка орношуу маселеси боюнча мигранттар жана жумуш берүүчүлөр менен тыгыз иш алып барууда.

Тактап айтканда, миграция кызмат кыргызстандыктарга Россияда жумушка орношууга жардам берүүнү улантууда: азыр адистер кондитердик фабрикалар сыяктуу орусиялык ири жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.