Россиянын ИИМи мигранттарды эки эсе аз каттоого алды
16 декабрь 2020

Россиянын ИИМи мигранттарды эки эсе аз каттоого алды

Россиянын Ички иштер министрлиги 2020-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин өлкөдөгү мигранттардын саны 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге азайганын билдирди. Мындай маалымат департаменттин статистикасында айтылат.

Эгер 2019-жылы дээрлик 18 миллион мигрант болсо, 2020-жылы алардын саны 8 983 944тү түзгөн.

Мындан тышкары, коронавирус пандемиясынын шартында, чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде жогорку квалификациялуу адистерге иштөөгө берилген уруксаттын саны азайды. Бирок жашап турууга берилген уруксаттын саны көбөйдү — 2019-жылы 165 миң болсо 2020-жылы 197,5 миңге чейин өскөн.