Екатеринбургда кыргыз адабиятынын бурчу пайда болот
28 декабрь 2020

Екатеринбургда кыргыз адабиятынын бурчу пайда болот

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти Екатеринбургдун (Россиянын Свердлов району) Китепкана борборунда кыргыз адабиятынын бурчу ачылаарын билдирди. КРдин Башкы консулдугу менен борбордун жетекчилиги эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы маданий-гуманитардык жана маалыматтык байланышты өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө келишимге кол койду.

Чечим Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында кабыл алынды.

«Келишимде борбордо кыргыз адабиятынын бурчун ачуу каралган, бул Екатеринбург шаарынын жана Свердлов районунун коомчулугунун кыргыз көркөм адабияты, маданияты жана улуттук элдик чыгармалары менен таанышуусуна шарт түзөт. Мындан тышкары, бурч Екатеринбургда жашаган кыргыз мекендештерибиз үчүн маалыматтык жана маданий ресурс болуш үчүн иштелип чыккан», — деп ТИМДин билдирүүсүндө айтылат.

Бурч китепканада 2021-жылдын башында ачылат деп күтүлүүдө.