Москва бийлиги мигранттардын жетишсиздигинен курулуш жана турак жай-коммуналдык кызматтарында чыңалуу бар экенин билдирди
18 декабрь 2020

Москва бийлиги мигранттардын жетишсиздигинен курулуш жана турак жай-коммуналдык кызматтарында чыңалуу бар экенин билдирди

Москванын бийлиги Россияга келген эмгек мигранттары үчүн 14 күндүк карантинди ПЦР-тестке алмаштыруу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу мэрдин экономикалык саясат жана менчик жана жер мамилелери боюнча орун басары Владимир Ефимов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, иштеп жаткан мигранттардын үлүшү жогору болгон тармактарда, анын ичинде курулушта жана турак жай-коммуналдык чарбада чыңалуунун өсүшү байкалууда.

«Азырынча кырдаал олуттуу эмес, бирок аны чечүү боюнча чаралар көрүлбөсө, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырууда басаңдоо коркунучу болушу мүмкүн», — деди Ефимов.

Москва мэриясы эмгек мигранттарынын курулуш тармагында иштөөсүнө шарттарды жөнөкөйлөтүү боюнча федералдык деңгээлде иштелип жаткан чараларды колдойт. Шаардын расмий өкүлүнүн айтымында, келгенден кийин 14 күн изоляцияда болуу жана ага кошумча коронавируска каршы ПЦР анализинен тапшыруу ашыкча.