
Кыргызстандык мигрант сулуулук сынагында «көрөрмандардын алкышы» сыйлыгын алды
Россиянын борборунда адаттан тыш сулулуук сынагын аяктады. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан келип, Россияда жашап жүргөн селкилер катышышты.
Эң көзгө көрүнгөн катышуучулардын бири кыргызстандык Камилла Полотбекова болду. Ал элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында «көрөрмандардын алкышы» сыйлыгын жеңип алды.
Камилла кыргыз диаспорасынын иш-чараларына такай катышат, жаштарга байланыштуу ар кандай иш-чараларды уюштурууда Кыргыз конгрессине көмөктөшөт.
Ал эми сынактын жеңүүчүсү тажикстандык Фатима Каладарова болду. «Вице-мисс» сыйлыгын Тыва Республикасынан келген Диана Бадыргы ээледи.
Россиянын мигранттар федерациясы уюштурган сынакка Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Украина, Молдова, Түркмөнстан, Ооганстан өңдүү мамлекеттерден жана Россиянын курамындагы республикалардан 200дөн ашуун кыз катышты.