Кыргызстандык ырчы Москвада өткөн сынакта «Көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгын» алды
7 декабрь 2020

Кыргызстандык ырчы Москвада өткөн сынакта «Көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгын» алды

5-декабрда Москва шаарында «Романсиада — 2020» орус романсынын жаш аткаруучуларынын Эл аралык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Сынактын финалы Куткаруучу Машаяктын Чиркөө соборлорунун залында өттү.

Сынакка Кыргызстан, Россия, Армения, Казакстан жана Өзбекстандан орус романсынын 12 мыкты аткаруучулары катышты.

Кыргызстандын атынан К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын 21 жаштагы студенти Исламбек Кемелов катышкан.

Конкурсанттардын өнөрлөрүн эл аралык калыстар тобу баалады. Сынактын Гран-при М.Мусорский атындагы Урал мамлекеттик консерваториясынын студенти Карлен Манукянга берилди.

Мындан тышкары, көрүүчүлөр онлайн режиминде сүйүктүү аткаруучусуна добуш беришти. Исламбек Кемелов «Көрүүчүлөрдүн тандоосу сыйлыгын» алды.