Кыргызстандагы президенттик шайлоо: Россияда 12 шайлоо участкасы ачылат
26 ноябрь 2020

Кыргызстандагы президенттик шайлоо: Россияда 12 шайлоо участкасы ачылат

2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоодо добуш берүүнү уюштуруу үчүн Россиянын аймагында12 шайлоо участкасы иштейт.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдиргендей, Москвада үч участок, Екатеринбургдагы жана Новосибирсктеги Башкы консулдуктарда, ошондой эле Россиянын Владивосток, Иркутск, Красноярск, Санкт-Петербург, Сургут, Түштүк-Сахалин жана Якутск шаарларындагы элчиликтин канцелярияларында ачылган.

Элчилик Россиядагы кыргызстандыктарды шайлоо укуктарынан пайдаланууну суранат:

1. Шайлоочулардын алдын-ала тизмесинен өзүңүздү текшерип алыңыз. Ал үчүн төмөнкү сайтка кириңиз — https://tizme.gov.kg

2. Эгерде кандайдыр бир ката табылса, анда Кыргызстандын Россияңдагы элчилигине же Россиянын аймактарындагы тиешелүү консулдук мекемелерге белгиленген формадагы арыз менен кайрылыңыз;

3. 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрына чейин шайлоочулардын алдын ала тизмесинда жок болсоңуз жана Россияынын аймагындагы шайлоо дареги боюнча добуш берүү үчүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигине же тиешелүү консулдуктарга белгиленген формадагы арыз менен кайрылыңыз.