Талант Мамытов Москвадагы мекендештер менен жолугушту
9 декабрь 2020

Талант Мамытов Москвадагы мекендештер менен жолугушту

Президенттин м.а. Талант Мамытов Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Москва шаарында жашаган мекендештер менен жолукту. Ал мекендештер менен актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, алардын Россиянын борборундагы жашоо шарттары тууралуу кабар алды.

Мамытов Россиядагы эмгек мигранттарынын шарттарын мындан ары жакшыртуу чараларына өзгөчө көңүл бурганын баса белгиледи. Миграциялык өз ара аракеттенүү, өлкөлөр ортосундагы аба жана темир жол каттамдарын үзгүлтүксүз калыбына келтирүү, Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө сөз болду. Мындан тышкары, Мамытов , чет жердеги мекендештер жана диаспоралар боюнча миграциялык маселелер боюнча кеңештин түзүү жөнүндө айтып берди.