Москва облусунда эмгек мигранттарын окута турчу семинарлар өтүүдө
17 ноябрь 2020

Москва облусунда эмгек мигранттарын окута турчу семинарлар өтүүдө

Москва облусунун Социалдык коммуникация башкы башкармалыгы эмгек мигранттары үчүн Россияда социалдык адаптация болуу жана маданий интеграция көйгөйлөрү боюнча семинарларды өткөрөт.

Мындай иш чара Москва облусунда жашагандар жана Подмосковьедеги жумуш берүүчүлөр менен эмгек мигранттарынын ортосундагы байланышты жакшыртууга багытталган.

Жакынкы семинар 2020-жылдын 18-ноябрында саат 13:00дө Володарский көчөсүндөгү 123 даректеги Наро-Фоминск мечитинде өтөт. Семинарга Наро-Фоминсктин эмгек мигранттары жана коомдук бирикмелер менен диаспоралардын өкүлдөрү менен лидерлери катышат.
Семинардын катышуучулары миграция мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөр боюнча маалымат алып, патентти кантип колдонуу керектиги, эмгек келишими түзүүү, жумуш берүүчүлөрдүн жоопкерчилиги, орус тилин билүү боюнча тесттен өтүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси кимге керектиги жана аны толтурууда кандай документтер керектиги тууралуу эксперттердин комментарийлери менен тааныша алышат.

Семинарды онлайн алып көрсөтүү 18-ноябрда саат 12:45те башталат. Аны бул  шилтеме аркылуу көрсөңүздөр болот.