Кыргызстандык жоокердин мүрзөсү Белгородго жакын жерден табылды
12 ноябрь 2020

Кыргызстандык жоокердин мүрзөсү Белгородго жакын жерден табылды

Белгород облусунун Косилово кыштагында кыргызстандык аскер көмүлгөн жапырт агайындар мүрзөсү кайра калыбына келтирилди. Улуу Ата Мекендик согуш курмандыктарынын элесин түбөлүккө калтыруу иштери бир канча жылга созулду. Тагыраагы, айылдагы мектептин директору Наталья Матчина баштаган изилдөөчү топ Шамши Эгамжаровдун сөөгүнүн калдыктарын тапкан күндөн тартып, калыбына келтирүү аракети токтогон жок. Ишти Кыргыз-Орус славян (КРСУ) жана Белгород университеттери биргелешип аткарышты.

Ноябрда эки университеттин адистеринин видеоконференциясы уюштурулуп, «Элдик депутаттардын фронттогу каттары» китебинин бетачары да болду. Китептин автору, Кыргызстандагы университеттин проректору, тарыхчы Леонид Сумароков архивди изилдеп, Эгамжаровдун сөөгү каерге көмүлгөнүн аныктаган.

1900-жылы төрөлгөн Шамши Эгамжаров Ош облусунун Куршаб аймагындагы Ырдык айылынан болот. Фронтко аттанганга чейин сельсоветтин төрагасы болгон. Үй-бүлөсүнө бир жолу кат жөнөткөн. Жакындарында жоокердин тагдырына байланыштуу маалыматтар болгон эмес — ал дайынсыз жоголгондордун тизмесине кирген. 1946-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Совети Эгамжаровдун дайынын билүү үчүн кат жолдогон, бирок СССР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактыктагы аскер бөлүгү анын аты-жөнү такталбаганын, ысымына уйкаш Шамыш деген кишинин аты-жөнү аныкталганын билдиришкен. Бирок ал Омск облусунун Куртинск районундагы Ирдинск айылынан болгон.

"Тактоо иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, Куртинск Омск облусунда болгон эмес, Ирдинск деп аталган кыштак да болгон эмес. Катачылык катчыдан кеткен болушу мүмкүн. Натыйжада, маалымат Ош облусуна эмес, Омск облусуна жөнөтүлгөн. Кургактыктагы аскерлер штабанынын аныктамасына ылайык, Шамши Эгамжаров 1943-жылдын 6-августунда Косимово кыштагына жакын жердеги салгылашууда өлгөн",- деп Сумароков маалымат каражаттарынан цитата келтирди. Бул жерде да катчынын катасы бар, айыл Косилово деп аталат жана ал Белгород облусунда жайгашкан.

Косилово кыштагындагы издөө отряды тастыктагандай, 1943-жылдын августунда айыл толук тазаланган, жергиликтүү тургундар бир канча күн бою өлгөндөрдүн сөөгүн агайындар мүрзөсүнө атта ташышкан. Ал мүрзөдө Эгамжаров да жатат.

2020-жылдын жайында, Жеңиштин 75 жылдыгына карата агайындар мүрзөсү реставрацияланды. Эстелик тактага 291 жоокердин аты-жөнү жазылды. Арасында бир канча кыргызстандыктар бар. Жалпысынан агайындар мүрзөсүнө 338 жоокердин сөөгү көмүлгөн.