«Мигранттын күндөлүгү» — кыргыз кызы Якутияда китеп жазды
10 ноябрь 2020

«Мигранттын күндөлүгү» — кыргыз кызы Якутияда китеп жазды

Кыргызстандык Уулжан Даулатбекова Якутияга иштегени келип, бош убактысында миграция тууралуу китеп жазды.

Китепте миграциянын оош-кыйышы сүрөттөлгөн. Тагыраагы, кыргызстандыктардын жат жердеги түйшүгү, мекенден алыстагы жашоосу тууралуу баяндалат. Уулжан китепти жазууга бир жарым жыл коротту. Бул үчүн анын бала кездеги кыялы — белгилүү инсан болуу жана ийгиликке жетүү максаты түрткү берген. Анын айтымында, кыялдар адамгерчиликтин сакталышына, агрессиянын азайышына себеп болот.

Китепте ал кыргызстандык жердештеринин тагдырын жазган. Тагдырларды баяндоо менен катар миграциядагы кыйынчылыктар, маанилүү көйгөйлөр камтылган. Мисалы, Уулжандын кесиптеши атасына автоунаа алып берүү максатында иштегени келген. Ал максатына жеткен, бирок атасы дал ушул кызы алып берген машинада авария болуп дүйнөдөн өткөн.

Китеп кыргызстандыктардын түрдүү тагдыларына толо. Уулжан окурмандары ал китепти окугандан соң, кайда иштесең да эмгектин артында оор түйшүктөр жатканын түшүнөт деп ишенет. Балдарын туугандарына таштап, миграцияга кеткендер перзенттери менен эмоционалдык жакындыкты жоготору тууралуу да жазылган. "Эгер балаң сага жат болуп чоңойсо, чоң үйдөн, кымбат машинадан эмне пайда?",- дейт Уулжан.

Миграциянын оң тарабы да бар — ал келечекке койгон пландарды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү бериши да ыктымал. Чындыгында, миграция көпчүлүктүн бутка туруусуна, карыздардан кутулуп, жакшы жашоо башташына да шарт түздү",- дейт Уулдан. Андан тышкары, миграцияда тагдырлаш инсаныңа жолугуп калышың да толук мүмкүн. Уулжанда дал ушундай болгон. Ал сүйүктүү инсанын Якутияда жолуктурган. Тагдырын якут жигитке байлап, ата-энесинин батасы менен, эки элдин салттарын айкалыштырган жаңы жашоо баштоонун алдында турат.

Уулжан кийинки китебин түрдүү ишенимдеги адамдар кураган үй-бүлөлөр тууралуу жазгысы келет. Биз ага ийгилик каалайбыз.