Кыргызстандык келин Москвадагы метродо көз жарды
11 декабрь 2020

Кыргызстандык келин Москвадагы метродо көз жарды

Москва метросунда 29 жаштагы Кыргызстандын жараны Үпөл Курманова 9-декабрда «Электрозаводская» метросунда көз жарды. Акушерлердин милдетин полиция кызматкерлери Алеся Полякова жана анын шериги Алексей Орлов аткарды. Москва метросундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эскалатордон чыгып бараткан кош бойлуу аял жерге отуруп калганын байкашкан.

Полиция тез жардам кызматын чакырган, бирок толгоо башталгандыктан, дарыгерлер келгенге чейин ымыркайды кабыл алууга аргасыз болушкан. Жаңы төрөлгөн ымыркайды жылуулукту чыгарбай турчу фольгага орошкон.

Бала толугу менен дени сак төрөлгөн. Кийин келин ымыркай менен чогуу төрөт үйүнө жеткирилген.

Кийин жалпыга маалымдоо каражаттарында аял уулунан баш тартуу жөнүндө арыз жазган деген маалымат пайда болду. Бирок бул маалыматты борбор калаанын милициясы, төрөт үйү, жаш эненин туугандарында дагы четке какты.

ЖМКнын жазышынча, ал Россиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана расмий түрдө эч жерде иштеген эмес.