Россиядагы мигранттар үчүн документтердин жарамдуу мөөнөтү пандемия аяктаганга чейин узартылышы мүмкүн
19 ноябрь 2020

Россиядагы мигранттар үчүн документтердин жарамдуу мөөнөтү пандемия аяктаганга чейин узартылышы мүмкүн

Россияда мигранттардын жүрүүсүнө уруксат берүүчү документтерди автоматтык түрдө узартуу мөөнөтү коронавирус пандемиясы аяктаганга чейин узартылышы мүмкүн. Россиянын Адам укуктары боюнча өкүлү Татьяна Москалькова эгер пандемия улана берсе, анда Россиянын Ички иштер министрлигине тиешелүү өтүнүч менен кайрылууну көздөп жатат.

Эгерде пандемия улана берсе, анда биз ички иштер министрине карантин бүткөнгө чейин бизди колдоп бергиле деп кайрылууну чечтик» , — деди Москалькова Евразиялык Акыйкатчылар Альянсынын IV отурумунда.

Ал Россиянын президенти Владимир Путиндин мөөнөтү өтүп кеткен визалардын, жашап турууга берилчү уруксат кагаздын, иштөө үчүн уруксат кагаздардын, патенттердин жана башка документтердин жарактуулугун узартуу боюнча жарлыкка кол койгонун эске салды. Бул жарлык эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бир нече жолу узартылды. Бүгүнкү күндө чет өлкөлүк жарандардын Россияда жүрүүсү боюнча убактылуу чаралар 2020-жылдын 15-декабрына чейин узартылган.

Москалькова ошондой эле альянстагы кесиптештерин пандемиядан улам өлкөдө жүрүү шартын мыйзамдаштыра албаган чет өлкөлүктөрдүн көйгөйлөргө тушукпашы үчүн өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө ушул сыяктуу чараларды көрүүнү сунуш кылууга чакырды.