Москвадагы кыргыз спортчуларын коомдук тартипти сактоого чакырышты
14 декабрь 2020

Москвадагы кыргыз спортчуларын коомдук тартипти сактоого чакырышты

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Россиянын шаарларында жашаган жаш мекендештер арасында алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.

Декабрдын башында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү «Ак-Барс» спорт клубунда машыгып жаткан кыргыздар менен жолугушту. Жаштарды коомдук тартипти жана келген мамлекеттин мыйзамдарын так сактоого чакырышты.

Мындан тышкары, спорт клубдарынын машыктыруучуларына окуучулар менен профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу, «физикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүү менен гана чектелбестен, адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо боюнча да иш алып баруу» сунушталды.

Учурда Россияда ар кандай маалымат булактары боюнча 700 миңден 1 миллионго чейин кыргызстандык бар..