Россияда мигранттарды адаптациялоочу аймактык борборлор пайда болушу мүмкүн
3 декабрь 2020

Россияда мигранттарды адаптациялоочу аймактык борборлор пайда болушу мүмкүн

Россияда мигранттарды социалдык-маданий жактан адаптациялоочу аймактык борборлорду түзүү керек. Мындай пикирин Улуттар иштери боюнча федералдык агенттиктин башчысы Игорь Баринов «Россиянын эли» эл аралык форумунда билдирди.

«Мигранттардын социалдык жана маданий адаптациялоосу жаатында дагы көп иштер жасалышы керек. Биз муну бүгүнкү күндөгү негизги тобокелдиктердин бири деп эсептейбиз. Аймактык адаптация борборлорун түзүү жана алардын ишине улуттук коомдук уюмдарды жигердүү тартуу перспективдүү болот», — деди агенттиктин башчысы.

Ошол эле учурда Баринов бул иштердин укуктук негиздери биринчи кезекте мыйзам деңгээлинде бекитилиши керектигин баса белгиледи.