Кыргыз жарандарынын ID-карталарына улут графасы киргизилди
15 декабрь 2020

Кыргыз жарандарынын ID-карталарына улут графасы киргизилди

Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков Кыргызстандын жарандарынын паспортуна улуту жөнүндө графа киргизилген чечимге кол койду. Өзгөртүүлөр Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында киргизилген. ID-картада улутун көрсөтүү же көрсөтпөө ар кимдин колунда — бул ыктыярдуу чечим.

Буга чейин Конституциялык палата мындай графанын жоктугун Конституциянын 38-беренесин бузуу деп тааныган.
«Ар бир адамдын өз улутун эркин аныктоо жана көрсөтүү укугунун кепилдиги бузулуп жатат. Эми Кыргызстандын жарандары, каалашса ID-картада улутун көрсөтө алышат», — өкмөттөн билдиришти.