Жапаров 11 миңден ашык жер тилкесин мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Жерди колдонуу тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга кол койду.
Документ 2009-2018-жылдарга чейин айдоо жерлерден бөлүнүп берилип, жеке менчикке өткөрүү үчүн мамлекеттик акты алып үй салган жарандардын маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет.
Мыйзам 11 300 үй-бүлө жашап жаткан 1 712 гектар жерди трансформациялоого жардам берет. Жер тилкелери мыйзамдаштырылгандан кийин анын ээлери тийиштүү жарандык укуктарды алып, өз каттоосун ишке ашыра алат.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 4-ноябрда кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күндөн соң күчүнө кирет.