5 күндүн ичинде 4 миңге жакын кыргызстандык акысыз юридикалык жардам сурап кайрылды
7 декабрь 2020

5 күндүн ичинде 4 миңге жакын кыргызстандык акысыз юридикалык жардам сурап кайрылды

Он күндүк акысыз юридикалык жардам берүүнүн жүрүшүндө 4 миңге жакын кыргызстандык юстиция органдарына кайрылышкан. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Ошол эле учурда, ал бул акыркы сан эмес экенин, кайрылган жарандардын санын эсептөө онлайн арыздарды эске алуу менен улантылып жатканын «Кабар» агенттиги маалымдады.

Көбүнчө, калтырылган мурастар, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө менчик укугу, үй-бүлөлүк укук, кылмыш-жаза мыйзамдары, административдик укук бузуулар, социалдык коргоо, жер маселелери, ошондой эле документтер, документтерди каттоо/ кайра каттоо, юридикалык жактардын ишмердүүлүгүн токтотуу, документтерге апостиль коюу маселелери боюнча кайрылышкан.

Калбеков Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жарандар кеңешти телефон, мессенджерлер, социалдык тармактар ​​жана тынмсыз телефон аркылуу кайрылганын айтты.