Россия мигранттар үчүн экзамен тапшыруу эрежелерин өзгөртөт
26 ноябрь 2020

Россия мигранттар үчүн экзамен тапшыруу эрежелерин өзгөртөт

Россияда жашап, иштөөнү каалаган чет элдиктер үчүн орус тили, тарыхы жана орус мыйзамдарын билүү боюнча экзамендерди тапшыруунун жаңы эрежелери киргизилет. Тиешелүү мыйзамды Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алды.

Экзамендердин татаалдыгы чет өлкөлүк жарандын Россияга келишинин максатына жараша болот: иштөө, убактылуу же туруктуу жашоо.

Жаңы мыйзамга ылайык, сынактарды билим берүү уюмдары өткөрөт. Ошол эле уюмдар билим деңгээлин тастыктаган сертификаттарды берет. Сертификаттын жарамдуу мөөнөтү документти алуу максатынан көз каранды. Эгерде чет элдик жаран убактылуу жашоого, иштөөгө же патент алышы керек болсо, сертификат үч жылга берилет. Эгерде документ жашоого уруксат алуу үчүн берилген болсо, анда анын жарамдуу мөөнөтү чексиз болот.

Ошондой эле, мыйзам боюнча мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда чет элдик жарандар сертификаттарды көрсөтүүгө тийиш эмес. Себеби, сертификаттардагы маалыматтар федералдык маалымат системасына күн мурун эле киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 180 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.