Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык Кыргызстандын президенти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолу шайлана алат
18 ноябрь 2020

Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык Кыргызстандын президенти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолу шайлана алат

Кечээ жакында эле кыргыз парламентинин депутаттары өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Документке ылайык, президент 5 жылга шайланат, ошол эле учурда бир эле киши эки мөөнөттөн ашык мамлекет башчысы болуп шайлана албайт.

Президент өлкөнүн аткаруу бийлигин башкарып, мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктары айтылууда.

Мамлекет башчысы өкмөттү түзүүгө жана анын иштешине жооп берет, президент өкмөт башчысын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын дайындайт. Өкмөттү түзүү жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо парламенттин макулдугу менен ишке ашат.

Ошондой эле, Баш мыйзамдын долбоорунда Элдик Курултай институтун киргизүү каралган. Бул органга Элдик Курултайдын төрагасы, президенттин, төраганын отчетторун угуу, иштеп жаткан аткаминерлердин жумуш ордуна дал келбестиги боюнча сунуштарды киргизүү укугу берилген.

Учурдагы Конституцияга ылайык, мамлекет башчысы алты жылдык мөөнөткө шайланат жана бир эле киши эки ирет шайлана албайт.

Жаңы баш мыйзамдын долбоорунда парламент депутаттарынын санын 120дан 90го чейин кыскартуу каралган.

Референдумду 2021-жылдын 10-январында боло турган президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү пландалууда.