Кыргызстанда Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынды
23 декабрь 2020

Кыргызстанда Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынды

Парламент бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алды.

Документке ылайык, салыкты төлөөдөн качкан же экономикалык кылмыштарды жасаган ишкерлер келтирилген зыяндын ордун эки эселенген өлчөмдө толтурса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапыс берүү укугун соттолгондор же кылмыш иши козголгон жарандар колдоно алышат.

Жаңы мыйзамдын шарттарына ылайык кылмыштардын төмөнкү түрлөрү: алдоо жолу менен же ишенимди кыянаттык менен пайдалануу менен мүлктүк зыян келтирүү; мыйзамсыз ишкердик же банк иши; жалган ишкердик; монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө; товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жекелештирүү каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу; коммерциялык, банктык сырларды, салык төлөөчүлөрдүн сырларын ачуу; баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик соода; экономикалык аткезчилик.

Мыйзамдын демилгечилеринин айтымында, документ республикалык бюджеттин тартыштыгы мезгилинде өз ыктыяры менен мүлкүн жана кирешесин декларациялаган ишкерлерге кошумча мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө багытталган.