Россияда чет элдиктер мыйзамдуу түрдө кийинки жайга чейин жүрө алышат
30 ноябрь 2020

Россияда чет элдиктер мыйзамдуу түрдө кийинки жайга чейин жүрө алышат

Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча департаментинин башчысынын орун басары Кирилл Адзинов пандемиянын шартында департамент чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын Россия Федерациясында болуу мөөнөтүн 2021-жылдын жайына чейин узартылышы мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, азыр бул маселе каралып жатат.

Адзинов Ички иштер министрлиги Россияга иштегени келип, бирок үйүнө убагында кайта албай калгандар кыйын кырдаалга туш болгонун түшүнөт деп белгиледи. Атап айтканда, алар Россияда жашап турушу үчүн иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Эске салсак, сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн жарлыгы менен чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Россияда убактылуу болушун жана чет өлкөдө жашаган мекендештердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россияга ыктыярдуу түрдө көчүп келүүсүнө көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программанын катышуучуларынын өлкөдөн тышкары болуу шарттарын 15-декабрга чейин узарткан.