Кыргызстандыктар акысыз юридикалык жардам ала алышат
1 декабрь 2020

Кыргызстандыктар акысыз юридикалык жардам ала алышат

Кыргызстанда 30-ноябрдан 5-декабрга чейин калкка акысыз консультация берүү жана юридикалык жардам көрсөтүү боюнча он күндүк өтүп жатат.

Акциянын негизги максаты — калктын аялуу катмарын укуктук жактан коргоо деңгээлин жогорулатуу, калкка укуктук жардам көрсөтүү, укуктук билим берүү, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.

Калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү өнөктүгү жыл сайын өткөрүлүп турат. 2019-жылы адистер 30 миңден ашуун жаранга консультация беришкен.

Көбүнчө адамдар мурас, кыймылсыз мүлк, жер маселелери, үй-бүлөлүк мамилелер жана социалдык камсыздандыруу боюнча юристтерге кайрылышат.

Өткөн жылдын аягында Юстиция министрлиги калкка таркатуу үчүн көп берилүүчү суроолор боюнча колдонмолорду иштеп чыккан.

Декаданын программасы, акысыз юридикалык консультация жана жардам көрсөтүү борборлорунун, аймактык юстиция башкармалыктарынын даректери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтында http://minjust.gov.kg/ жана Мамлекеттик кепилденген юридикалык жардамды координациялоо борборунун сайтында жеткиликтүү http://ukuk-jardam.gov.kg/.