Кыргызстандын колонияларынан 230 адам ырайым менен бошотулду
21 ноябрь 2020

Кыргызстандын колонияларынан 230 адам ырайым менен бошотулду

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон ырайым берүү жөнүндө жарлыктарга ылайык, 230 адам абактан бошотулду. Дагы 38 соттолгон адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.

Ырайым жеңил кылмыштарды жасаган жарандарга берилген. Алардын арасында аялдар, өспүрүмдөр жана оор оорулуулар бар.

Жалпысынан 18-ноябрга карата президенттин ырайым берүү маселелери боюнча катчылыгына кечирим сурап 1800дөн ашуун кайрылуу түшкөн. Бул багыттагы иштер улантылууда жана жакын арада калган арыздар боюнча чечимдер кабыл алынат.

Садыр Жапаров буга чейин маалымат жыйында адилетсиз кармалгандарга ырайым берүүгө даяр экенин билдирген. Анын айтымында, укук коргоо органдарынын «атайылап жасалган иштеринин» айынан бейкүнөө адамдар колонияларда отурат.