Россиянын ИИМи 2021-жылдын жай айына чейин чет элдиктердин өлкөдө болуу мөөнөтүн узартат
14 декабрь 2020

Россиянын ИИМи 2021-жылдын жай айына чейин чет элдиктердин өлкөдө болуу мөөнөтүн узартат

15-декабрда Россиянын президенти Владимир Путиндин чет өлкөлүктөргө, алардын өлкөдө жашоосунун мыйзамдуу мөөнөттөрү жана мындай укук берген документтердин жарактуулук мөөнөтү бүткөн болсо дагы, алардын укуктук статусун сактоого мүмкүнчүлүк берген жарлыгынын күчү аягына чыгат. Көпчүлүк кыргызстандыыктар ушул күндөн кийин Россиядагы эмгек мигранттарынын тагдыры кандай болот ойлонууда.

Ноябрь айынын аягында Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Кирилл Адзинов өлкө бийлиги жарлыктын мөөнөтүн дагы алты айга, 2021-жылдын жай айына чейин узартуунун үстүндө иштеп жаткандыгын билдирген. Атап айтканда, бул ишке Россиянын президентинин администрациясы да катышкан.

«Биз Россияга кандайдыр бир максат менен келген жана кайта албай калган, көптөн бери бул жакта жүргөн адамдар кандайдыр бир жол менен ушул жерде жашоо мүмкүнчүлүгүн алышы керек деп түшүнөбүз. Кандай болгон күндө дагы, алар бул жакта жашоо мүмкүнчүлүгүн алышы керек», — деди Адзинов. Мындан тышкары, Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Татьяна Москалькова президенттин жарлыгын коронавирус пандемиясы аяктаганга чейин узартуу зарылдыгын билдирди.

Ошол эле учурда, жарлыктын 2021-жылдын жай айына чейин узартылышы жөнүндө расмий түрдө жарыялана элек.