Венгрия университеттерде 2021-2022-окуу жылына кыргызстандыктар үчүн 150 орун бөлүп берди
16 декабрь 2020

Венгрия университеттерде 2021-2022-окуу жылына кыргызстандыктар үчүн 150 орун бөлүп берди

2021-2022-окуу жылына карата Венгриядагы университеттерге студенттерди кабыл алуу башталды. Анын алкагында 150 кыргызстандык студент Венгриянын университеттеринде билим алуу үчүн грант ала алышат.

Грант боюнча жогорку билимди төмөнкү багыттар боюнча алууга болот: медицина, маалыматтык технологиялар, инженерия, табигый илимдер, айыл чарба, коомдук илимдер, экономикалык илимдер, саясий илимдер, спорт илимдери.

Программанын стипендиаттары акысыз окуу, ай сайын стипендия, жатакана жана медициналык камсыздандыруу алышат.

Билим берүү жана илим министрлиги Венгриянын Адам ресурстары министрлиги жыл сайын Кыргызстандын жарандарын Венгриядагы университеттерде венгр же англис тилинде окутуу үчүн грант бөлүп берерин белгиледи.