Анара Базаркулова Кыргызстандагы мыкты мектеп ашпозчусу болду
25 ноябрь 2020

Анара Базаркулова Кыргызстандагы мыкты мектеп ашпозчусу болду

Кыргызстандагы «Мыкты мектеп ашпозчусу-2020» наамынын ээси 23-ноябрда аныкталды. Анара Базаркулова сынактын жеңүүчүсү, Амина Абдулина экинчи орунду, Чынара Жумаева үчтүнчү болду.

Калыстар тобунун атайын сыйлыгы Наталья Павловага, ал эми көрүүчүлөрдүн сыйлыгы Клара Кубыкеевага берилди.
Сынак Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасы (БУУ ДАП) жана Тармактык тамактануу институту тарабынан уюштурулган.

Билим берүү министрлиги «мектепте ысык жана аш болумдуу тамактануунун аркасында сабакка катышуу көбөйүп жатат. Жакшы тамактанган балдар өтүлгөн материалды жакшыраак кабыл алышат» деп билдиришти.

«Мектептердеги ысык тамактын артында оор жумуштар турат — эксперттердин билими жана тажрыйбасы, ата-энелердин, өкмөт жетекчилигинин катышуусу жана албетте, ашпозчулардын баа жеткис эмгеги. Алар балдарын ден соолугуна пайдалуу, аш болумдуу жана даамдуу тамактарды жасоо үчүн бардык жөндөмүн жумшап, чыгармачыл мамиле жасашат», — деди БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы директору Андреа Баньоли.

Сынак бир нече этап менен өттү. Тандоо турунун алкагында катышууну каалаган бардык мектеп ашпозчулары өз кесибине кандайча келгендиги жөнүндө окуяларды жөнөтүштү. Эң кызыктуу окуялардын 35 автору аймактык этапка өтүп, мектептин менюсу үчүн жаңы тамактын рецебин ойлоп табышты. Финалга болсо эң оригиналдуу беш рецепти ойлоп тапкандар чыкты.