Кыргызстанда илимди каржылоо акыркы 5 жылда 12%га өстү
2019-жылы илимий изилдөөлөргө жана иштеп чыгууларга Кыргызстандын бюджетинен 612 млн сом каралган. Бул 2015-жылга караганда 12%га көп.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 73 илимий мекемелер бар, алардын 35%ы өндүрүш секторуна таандык, 31%ы жогорку билим берүү секторуна туура келет. Ал эми 29%ы академиялык секторду түзөт.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында 1410 киши иштейт. Алардын ичинде 129 илимдин доктору жана 280 илимдин кандидаты бар.
2019-жылы Кыргызстандагы жогорку билим берүү мекемелеринен 450дөн ашык аспирант бүтүп чыккан. Алардын көбү (20%ы) медициналык тармакка адистешкен, 14%ы экономикалык тармакта болсо, 13%ы юридикалык тармакка адистешкен.