Россиядагы мигрант балдар: үлгүлүү окуучуларбы же окуй албагандарбы?
19 декабрь 2020

Россиядагы мигрант балдар: үлгүлүү окуучуларбы же окуй албагандарбы?

Жума күнү, 2020-жылдын 18-декабрыын, мигранттардын эл аралык күнүндө Россиянын социологдору мигрант балдарга, анын ичинде Кыргызстандан келгендерге мектептеги билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн талкуулашты. Адистердин айтымында, баланын жакшы адаптацияланышынын ийгилигинин ачкычы анын Россияга келген жашында: 12 жаштан кийин бул нерсе өтө эле кеч болуп калат.

Россия мигранттардытартуу боюнча узак мөөнөттүү ырааттуу саясатка муктаж. Бул саясаттын алкагында үй-бүлөлүк миграция өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Колдо болгон маалыматтарга караганда, балдарын Орусияга алып барган мигранттар жогорку билимдүү жана орус тилин жакшы билишет. Мындай мигранттар анча деле көп эмес — Россияга келгендердин жалпы санынын 10%дан ашыгыраагын түзөт. Калгандары табигый кыйынчылыктарга дуушар болушат, айрыкча акыркы он жылда көптөгөн «экинчи муундагы мигранттар» төрөлгөн — Россияда төрөлгөн мигранттардын балдары. Россиянын билим берүү тутуму мындай балдарды адаптациялоодо канчалык натыйжалуу болору өздөрүнүн да, ата-энелеринин да келечегин Россия менен байланыштырууга даярдыгынан көз каранды. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы Жогорку Экономикалык Мектептин «Билим берүү жана илим социологиясы» илимий-билим берүү лабораториясынын башчысы Даниил Александров билдирди.

«Жалпы маданий деңгээл анчалык жогору эмес чакан шаарларда, негизги «жергиликтүү» контингенттин фонунда, мигрант балдар көпчүлүк учурда үлгүлүү окуучу көрүнөт. Мугалимдердин түшүнүгүндөгү адаптация — бул биринчи кезекте орус тилин өздөштүрүү, окууда жана коллектикдеги ийгилик. Мугалимдин көз алдында бул балдар «жакшы» окуучу. Карама-каршылык болушу мүмкүн: ошол эле мугалимдер миграция жаман, бирок ошол эле учурда алардын классында мыкты мигрант балдар бар деп айтышат. Көйгөйлөр ата-энелерде көбүрөөк болушу мүмкүн — эгер алар орус тилин начар билишсе мектеп менен диалог түзө алышпайт», — деп түшүндүрдү Александров.

Ал баса белгилегендей, айрыкча, өспүрүм курагында келгендерге кыйын.

«Эгерде бала Россияга 12-13 жашында келген болсо, анда анын окууга болгон мотивациясы начар болушу ыктымал. Мындай балдарды көбүнчө өз курагынан кичүү класска киргизишкендиктен, программаны өздөштүрүү кыйынга турат. Ошол эле учурда, 14-15 жаштагы эркек балдар окугандан көрө аталары менен иштөөнү абдан каалаарын көп айтышат, алар өздөрүн бойго жеткендей сезишет. Мектеп алар үчүн футбол ойной алгандыгы менен гана баалуу», — деп кошумчалады Александров.

Эксперттин айтымында, негизги көйгөйлөрдүн бири — орус тилин жакшы билбеген балдардын билим алууда кыйналышы. Алар орус тилин чет тили катары үйрөнүү үчүн атайын топто окушу керек (мындай практика АКШ мектептеринде бар), бирок анын ордуна, абалдан чыгуунун бирден-бир жолу — балдарды 1-2 жашка кичүү класстарга киргизүү, ошону менен программанын калган бөлүгүндө дагы артта калууга жол ачылат. Мындан тышкары, мигранттардын балдары көп учурда окууда мыкты динамиканы көрсөтүшөт, бирок бардык күч-аракеттерине карабастан «үч алышат», анткени мектептерде абсолюттук натыйжалар менен баа коюу салтка айланган. Натыйжада, балдар окууга мотивациясын толугу менен жоготушат.