Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын төрттөн бири гана бала бакчага барат
8 декабрь 2020

Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын төрттөн бири гана бала бакчага барат

Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылында мектепке чейинки билим берүүнүн камтылышы 25,4%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өткөн жылдын маалыматтары боюнча, республикада 1617 мектепке чейинки билим берүү уюму бар, аларга 207,8 миң бала барат. Ошол эле учурда, шаарларда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу (34,5%) айыл жерлеринде 20,6%дан ашат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтуунун максималдуу үлүшү Ош шаарына — 47,9% жана Нарын облусуна — 31,6%, эң азы- Чүй облусуна — 19,3% туура келет.

Улуттук статистика комитети камтуунун төмөндүгүн мектепке чейинки уюмдардын санынын аздыгы, үй-бүлөнүн кирешесинин азайышы жана билим берүүгө түздөн-түз чыгымдардын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Биринчи кезекте, бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана айыл жеринде жашаган үй-бүлөлөргө таасирин тийгизди.

Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны көбөйгөнүнө карабастан, алар толуп калган.