КРдин университеттери КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдору менен кызматташууну кеңейтет
9 декабрь 2020

КРдин университеттери КМШ өлкөлөрүнүн ЖОЖдору менен кызматташууну кеңейтет

КМШ өлкөлөрүнүн университеттери ортосунда тажрыйба алмашууну өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык университеттердин ректорлору жана гуманитардык факультеттеринин декандарынын онлайн форумда талкууланды.

Иш-чарага Шериктеш мамлекеттердин алдыңкы университеттеринин өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Владимир Нифадиев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков жана Кыргыз-Россия Славян университетинин Гуманитардык факультетинин деканы Амангелди Бекбалаев катышты.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков ал жетектеген жогорку окуу жайдын Казакстан, Россия жана Тажикстандын университеттери менен кызматташтыгы жөнүндө айтып берди. Кыргыз-Орус Славян университетинин Гуманитардык факультетинин деканы Амангелди Бекбалаев КРСУда билим берүүнү өнүктүрүү боюнча пикирин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар гуманитардык университеттердин консорциумунун жана анын Координациялык кеңешинин мындан аркы ишинин багыттарын аныктаган меморандум кабыл алышты.