Кыргызстанда 85% мектептин окуучулары кадимкидей сабакка барууда
9 декабрь 2020

Кыргызстанда 85% мектептин окуучулары кадимкидей сабакка барууда

Кыргызстанда 1843 мектеп онлайн сабактардан баш тартып, кадимки окуу режимине кайтышты. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы белгилегендей, чечимдер ар бир региондо, ар бир шаарда жана айылда эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган.

Ошентип, Баткен облусунда 187 мектеп бар (50сүнө уруксат берилген эмес), Ошто — 542 (бешөөнө уруксат берилген эмес), Чүйдө — 299 (алтоосуна уруксат берилген эмес), Ысык-Көлдө — 189 (үчөөнө уруксат берилген эмес), Таласта — 111 мектеп бар (баарына уруксат берилген), Нарында — 142 (баарына уруксат берилген), Жалал-Абадда — 318 (147сине уруксат берилген эмес), Ошто — 55 (баарына уруксат берилген), Бишкекте болсо баарына уруксат берилген эмес.

Жалпысынан республикада 1843 мектеп иштеп жатат, же ал 85,6%ды түзөт. Азырынча 308 билим берүү мекемесинин ишин улантууга уруксат бериле элек.